super.kg logo

Экс-мэр Албек Ибраимовдун иши боюнча тергөө аяктап, иш сотко өттү

 

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, иш сотко өттү. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдады.

Маалыматка караганда, алгачкы сот отуруму 15-январда Бишкектин Октябрь райондук сотунда болуп өтөт. Ибраимовго "коррупция" жана "алдамчылык" боюнча айып тагылган.

Окуянын чоо жайы:

28-майда УКМК тарабынан “Дастан” ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурдагы сатып алуулар боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. 23-июлда Албек Ибраимовго карата УКМК тарабынан Бишкек шаарындагы жер тилкелерге байланыштуу коррупция боюнча жаңы айып угузулган. Экс-мэр ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
15.01.2019. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясаттын курманы болуштубу же чын эле жегиштерби булар. Сапар Исаков мэр (дагы кимдер аттары эсимен чыгып жатат) былтыры кармалган азыргаче ак же кара дебейт муну кандай түшүнсөк болот. Же соодалашуу кызуу жүрүп жаткан чакбы.....
Не болсода элибизди жерибизди жакшы жагына бургулачы өнұктұргүлөчү айланайындар.
Ermekbai түзөттү 2019-01-15 01:59:38
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: