super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда президенттик аппараттын башчысынын фракция лидерлеринен да жогору жакта отурганы сынга кабылды

 
2019-жыл, 14-январь. Президент Жээнбеков "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылын" ишке ашыруу, шайлоо мыйзамдары, сот реформасы боюнча фракция лидерлери менен жолугушту.
2012-жыл, 21-май. Президент болуп турган Алмазбек Атамбаев парламенттин спикери жана фракция лидерлери менен мыйзамдарды өркүндөтүү, өлкөнүн өнүгүүсү тууралуу кенен маселелерди сүйлөшүү үчүн жолугушуу өткөргөн.
2014-жыл, 20-март. Президент болуп турган Алмазбек Атамбаев парламенттин спикери жана фракция лидерлери менен жаңы коалиция куроо маселесин талкуулоо учурунда.
Ошол эле жолугушууга президенттик аппараттын башчысы болуп турган Данияр Нарымбаев да катышкандыгы таратылган маалыматта айтылган. Бирок сүйлөшүү столуна чогуу отурган эмес.
2016-жыл, 12-апрель. Президент болуп турган Атамбаев Темир Сариевдин отставкасынан кийин түзүлчү өкмөт курамы боюнча коалициядагы фракция лидерлери менен жолугушкан.
2016-жыл, 29-август. Ошол кездеги президент Атамбаев парламенттин спикери жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин колдогон фракциянын лидерлери менен жолугушкан.
2017-жыл. 22-август. Ошол кездеги президент Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан кийин жаңы өкмөт курамын түзүү боюнча коалициядагы фракция лидерлери менен сүйлөшүү өткөргөн.
Эми кайра Сооронбай Жээнбековго кайтсак. 2017-жыл, 1-декабрь. Жаңы шайланган президент парламенттин спикери жана парламенттеги бардык фракциялардын лидерлери менен жолугушкан. Президенттик аппараттын башчысы болуп турган Алмазбек Үсөнов Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдон кийин отурганын сүрөттөн көрүүгө болот. Ал эми фракция лидерлери бир катар болуп жайгашып отурушкан.
2018-жыл, 19-апрель. Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча парламенттин чечиминен кийин президент Жээнбеков парламенттин төрагасы, коалицияга кирген фракция лидерлери жана президенттик аппараттын башчысы менен жолугушуу өткөргөн. Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагадан кийин орун алганын байкоого болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана парламенттеги фракция лидерлери менен жолугушту.

Жыйынга КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков, "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев жана президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев да катышты.

Жолугушууда "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылын" ишке ашыруу, 2018-2040-жылдары өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы, 2018-2020-жылдарга карата шайлоо мыйзамдары талкууланды.

Жолугушуудан тартылган сүрөт интернет коомчулугунун сынына кабылып, талкууга алынууда. Президент менен фракция лидерлеринин жолугушуусунда президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевдин фракция башчыларынан да жогоруда отурганы талкууга жем таштаган.

Салыштыруу иретинде экс-президент Алмазбек Атамбаев учурундагы фракция лидерлери менен болгон жолугушуулардын сүрөттөрүн сунуштайбыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: