АКШда 3 жаштагы кыз 8 килограммга жеткен шишиктин айынан каза болгон
АКШда 3 жаштагы наристенин өлүмүнө анын ата-энеси күнөөлүү экени айтылууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.Маалым болгондой, 3 жаштагы кыз рак илдети менен ооруган. Бирок наристенин ата-энеси аны дарылоого аракет да кылган эмес. Убакыттын өтүшү менен кыздын оорусу өтүшүп, шишиктин салмагы 8 килограммга жетип каза болгон.
Полиция кызматкерлери алар жашаган фургонго барган учурда кыз эс-учун жоготкон абалда болгон. Эң өкүнүчтүүсү дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Каза болгон наристеден сырткары ал фургондо 6 бала жашаган.
Эгерде кыздын өлүмүнө ата-энесин күнөөлүү деп табылса, алар мыйзам алдында жоопко тартылып, 4 жылга эркинен ажыратылары айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:55
2026-02-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
BaihanUlanov
15.01.2019. 12:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундай жүрөк ооруткан нерселерди жазбай эле койгулачы сураныч, бизге анын эмне кереги бар.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















