super.kg logo

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовдун соттук иши Октябрь райондук сотунда каралды

 
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум Октябрь райондук сотунда каралды.
Сот залына Албек Ибраимовду алып келишти. Аны менен бирге айыпталгандар, ошондой эле жактоочулары катышты.
Жактоочулардын баары эмне үчүн иш Биринчи Май райондук сотуна эмес, Октябрь райондук сотуна берилип кеткенине кызыгышты. Ибраимовдун ишинде жалпы 9 айыпталуучу бар, алардын арасынан Ибраимовдон башкасынын баары үй камагында.
Ишти карап жаткан судья соттук иш 28-декабрда прокуратурадан келип түшкөнүн маалымдап, жактоочулар андан кабардар болуп турушу керек болгонун айтты. Жактоочулар судьянын которулганын кечээ, 14-январда гана билишкенин айтышты.
Бүгүнкү отурумда уюштуруу маселелери каралып, судья ишти дүйшөмбү жана шаршемби күндөргө белгиледи.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.01.2019. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албек Ибраимов Атамбаевдин доорунда кызарган жердин баарын ээлей бериптир.
15.01.2019. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ибаримов беш колун казынага салып, жерлерге ээлик кылып жүрө бериптир. Байкуш кыргыз эли 5 сотых жерге жептей жатса, бул гектарлап ээлеп алыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: