super.kg logo

Авиакомпанияларга жеңилдиктерди түзүү маселесин Жогорку Кеңештин тармактык комитети кийинки жумада карайт

 

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны болбой калды. Анда Кыргыз мамлекетиндеги авиакомпанияларга жеңилдиктерди түзүү зарылдыгы тууралуу маселе каралмак.

Аталган комитеттин жыйыны болору тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланган. Бирок күн тартиби такталбагандыгына байланыштуу жыйын болбой калган. Бул тууралуу аталган комитеттин катчылыгынын башчысы Зарлыкбек Имаров SUPER.KG порталына тастыктады.

"Бүгүн карала турган маселени тактап, бышырып туруп чыгаруу үчүн Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйыны кийинки жумага жылдырылды. Жыйын болбой турганы кечээ эле такталган", - деди Имаров.

Демилгечилер - аталган тармактык комитеттин депутаттары. Баяндаманы Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев жасамак.

Мындан тышкары "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясындагы абал тууралуу маселе да талкууланмак.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: