Парламент комитети тарабынан Кыргыздын Түштүк Кореядагы элчи кызматына Динара Кемелованын талапкерлиги жактырылды
Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыздын Түштүк Кореядагы элчи кызматына Динара Кемелованын талапкерлиги каралды.
Талапкер боюнча баяндаманы тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров жасады. Жыйынтыгында Кемелованын талапкерлиги комитет тарабынан жактырылды.
Динара Кемелова тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Буга чейинки элчи Кылычбек Султан 4 ай мурда Тышкы иштер министрлигиндеги бир топ кемчиликтерди коомчулукка айтып чыккандан кийин кызматынан бошотулган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

