O!Store’до оригиналдуу Xiaomi смартфондору - ашык төлөмсүз жана бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү менен
Азыр сатып алуу мүмкүн болуп турганда жаңы смартфонду сатып алууну кечеңдетүүнүн эмне кереги бар – анын үстүнө баштапкы төгүмсүз жана пайызсыз болгондугу абдан пайдалуу!
Кыргыз өлкөсүндөгү Xiaomi компаниясынын расмий өнөктөшү – O!Store дүкөндөр тармагы бардык талаптар үчүн Xiaomi смартфондорунун 16 түрдүү моделин сунуштайт:
- 6 айга чейин бөлүп төлөө менен сатып алса болот;
- Пайыздык коюм - 0%;
- Баштапкы төгүм - 0 сом.
Акциянын бүтөрүнө саналуу гана күндөр калды. Акциянын алкагында O!Store дүкөндөрүнөн оригиналдуу Xiaomi смартфондорун бөлүп төлөө менен пайдалуу сатып алса болот. Акция 2019-жылдын 31-январында аяктайт, ошондуктан азыр шашылуу керек!
Мисалга алсак, кубаттуу, кеңири форматтуу Xiaomi Redmi 6A 16 ГБ смартфону сизге болгону айына 1265 сомдон айланат, башкача айтканда, жарым жылдын ичинде күнүгө 42 сомду түзөт. Кооз жалтырак Xiaomi Mi 8 Lite 64 ГБ смартфондун баасы айына болгону 2998 сомду же күнүгө 100 сомду түзөт.
Эч кандай ашык төлөмдөрсүз, пайыздарсыз жана баштапкы төгүмдөрсүз!
Бөлүп төлөөнү жол-жоболоштуруу үчүн болгону 2 документ керек:
- Паспорт (эгер паспортуңуз жаңы үлгүдөгү – биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган жериңизден маалым кат);
- 3 айга же андан ашык мөөнөткө айлык акы тууралуу маалым кат (эгер сиз жеке ишкер болсоңуз, 3 айга жарактуу патент көрсөтүү керек).
Бөлүп төлөө DOS CREDOBANK өнөктөш банкы менен Кыргызстан боюнча бардык O!Store кеңселеринде жол-жоболоштурулат.
Кененирээк маалыматты O!Store консультанттарынан, 0705 007 000 телефону аркылуу же ostore.kg сайтынан алса болот.
Азыр ал – кийин төлө.
кошулду

Суроонузга рахмат. Байланыш телефонуңузду жазып коюңузду өтүнөбүз. Биздин консультанттар сизге кайра чалышат жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу кененирээк маалымат беришет.
Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
Бирок redmi 6a 16gb силерде 1265 сомдон 6 айга 7590 сом болот экен. Эгер башка кошумча төлөм албасаңар.
А башка магазиндерге redmi 6a 16gb 6200 сом турат. Силер 1390 сомго кымбат сатып жатасыңар, +силерде кошумча акча төлөнсө андан да кымбат түшүп жатат. "АШЫКЧА ТӨЛӨМСҮЗ" дегениңер окшошпой жатат.