super.kg logo
  Саясат  

"Ата Журттун" камактагы депутаттары эл баатыры болуп боштондукка чыгат" дейт аталган партиянын өкүлү Данияр Жаныкулов

 
Бүгүнкү теледебат учурунда "Ата Журт" партиясынын өкүлү Данияр Жаныкулов аталган партиянын 3 депутатынын камакта отурушун азыркы бийликтин атайын жасаган иши деп эсептей турганын айтты. "Ата Журттун" депутаттарын камакка алуу - саясий куугунтук. Мурдатан эле тың чыккан жигиттерди бийлик куугунтуктап келген. Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Насирдин Исанов, Бекмамат Осмонов сыяктуу кыргызга кызмат кылам деген азаматтарды жок кылып келишкен. Бүгүн деле ошол көрүнүш болуп жатат, бирок бул биздин партияга шайлоо алдында таасир эткен жок. Учурунда Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган да ошондой саясий куугунтукка алынган. Өзү камакта жатса да, партиясы жеңип чыгып, анан премьер-министр болуп шайланган. Чындык жеңип, биздин партиянын лидерлери да эл баатыры болуп боштондукка чыгышат",- дейт Жаныкулов. Ал эми 3-октябрдагы "ата журтчулардын" митинги тууралуу: "Мен ал митингге катышып, Ташиев, Жапаров, Мамытов сыяктуу элдик баатырлар менен бирге турганыма сыймыктанам",- деп билдирди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: