super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Орто-Сай" базарынын соодагерлери ижара акысынын жогорулашына нааразы болуп митингге чыгышты

 

Бүгүн, 15-январда Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди. Анын айтымында митингге чыккан элдин нааразычылыгынын себеби - базардагы орундардын ижара акысынын көтөрүлүшү.

"Базарда соода-сатык кылгандар ижара акысынын баасы көтөрүлүшүнө нааразы болуп митинг кылышты. Буга чейин орундардын ижарасы айына 7700 сом болуп келсе, бүгүн 10 700 сомго көтөрүп салышты. Буга нааразы болсок, "иштесеңер иштегиле, итебесеңер контейнерлерди алып чыгып кеткиле" деп коюшту. Азыр соодагерлердин жумушу токтоп турат. Мурдагы тарифтерди айта кетсем, 2016-жылы ижара акысы 3200 сом болчу. 2017-жылы 7700 сомго көтөрүлгөн. Эми жаңы жыл кирери менен дагы 3000 сомго көтөрүп жатышат. Соодагерлердин баарынын моюнунда насыя бар. Соода деле жакшы жүрүп, кызып жаткан жок. Бир күн отуруп тапканыбызды ижарага төлөп, өзүбүзгө бир да сом түшпөй кетип жаткан учур. Бул боюнча Президенттик аппаратка кат жолдодук. Ошондой эле бүгүн акимчиликке да барабыз деп жатабыз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






"Орто-Сай" базарында митинг болду

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
15.01.2019. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул базар да бир күнү күйүп кетпесе болду. Себеби ал жерге уже торговый центр курулуш керек . Эртеби кечки базар жабылат бир күнү.
15.01.2019. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атайын ошол үчүн кымбаттатып атышат да
15.01.2019. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talant_27, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган.
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-01-15 16:44:13
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: