super.kg logo
  Саясат  

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев: “Азырынча бийликке оппонент, оппозиция - бул мурдагы президенттин түзүп жаткан күчтөрү”

 

2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоого даярдык эмитен башталганы да байкалууда. Бүгүнкү күндө парламенттин иши сынга алынып, күчү жок деп, аны менен катар оппозиция да жок экени айтылып келет. Парламенттик шайлоо алдында саясий биригүүлөр болору бышык. Оппозициялык күчтөр шайлоо алдында бириге алабы же жокпу азырынча белгисиз.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Парламенттик шайлоо алдында оппозициялык альянс түзүлүшү мүмкүнбү? Түзүлсө ал кимдерден турушу керек?" деген соболуна саясат таануучу Сейтек Качкынбаев жооп берди.

Анын айтуусунда, парламенттик шайлоо жакындаган сайын оппозициялык картина анык белгилүү болот.

“Парламенттик шайлоо жакындаган сайын картина белгилүү болот. Азырынча оппозицияда кимдер болору белгисиз. Бир эле оппозиция белгилүү - бул КСДП партиясы барганы жатат. Атамбаев “партияны эч кимиңерге бербейм. Барсаңар биз менен баргыла. Азыркы бийликтин ичиндегилерге берилбейт” деп айтты. Саясий топтор биригип, ушул партиялар оппозицияга барат деп аныктала элек. Азырынча бийликке оппонент, оппозиция бул мурдагы президенттин түзүп жаткан күчтөрү деп айтсак болот. Бирок ал деле алсыз. Ушул жылдын аягында, келерки жылдын башында саясатта бир топ абал өзгөрөт деп ойлойм. Шайлоого өзүм эле барам, утам деп айтуу кыйын. Аргасыздан биригишет. 2020-жылкы парламенттик шайлоого дале эски саясий күчтөр барып, эски систем болот деп ойлойм. Баягыдай эле акча берип, партиянын ичинде алтын, күмүш орундар сатылат. Шайлоо кодекси өзгөрмөйүнчө мындай көрүнүш кайталана берет. Идеяга добуш берет дегендердин саны, тилекке каршы, 5 жылда сын-пикир айтканга жетишкен жок”, - деди Качкынбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, саясий ишмер Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, укук коргоочу Рита Карасартова жана юрист Нурбек Токтакуновдун жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: