super.kg logo
  Спорт  

Александр Крестинин: "Филиппин менен беттеште өзгөчө тактика колдонуп, жеңишке жеткенге аракет кылабыз"

 

Кыргыз улуттук курама командасы Филиппин менен беттеште өзгөчө тактика колдонуп, жеңишке жеткенге аракет кылат. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда башкы машыктыруучу Александр Крестинин маалымат жыйында айтты.

Александр Крестинин журналисттердин суроосуна жооп берип, төмөнкүлөргө токтолду:

"3-беттеште бардыгы чечилет, биздин учурда дагы. Биз бардык күчүбүздү жумшап, эртеңки беттеште жеңишке жетүүгө аракет кылабыз".

- Филиппинге каршы беттеште Кыргыз курамасы тактикалык алмашууларды жасайбы?

- Биз бул беттеш маанилүү экенин түшүнүп жатабыз жана ага толугу менен даярбыз. Ар бир атаандашыбызга ар башка даярдык көрүп келебиз. Филиппин курамасынын тактикасын билебиз. Аларды эске алып, өзүбүздүн тактикабызды өзгөртөбүз. Биз ийгиликке жетебиз деп ойлойм.

- Кыргыз жана Филиппин курамасында тең 0 упайдан, кимиси күчтүүрөөк деп ойлойсуз?

- Эки команда тең упайсыз келе жатканын түшүнүп жатабыз. Эки команданы күчтүүрөөк деп салыштыруу туура эмес деп ойлойм. Мен өзүмдүн шакирттериме ишенем. Биз бардыгыбыз ушундай оюндар үчүн футбол менен алектенип келебиз. Биз улуу жолдун башындабыз. Ушундай учурларда команданын мыктылыгы билинет.

- Буга чейинки беттештерге Кыргыз футболчулары көп күчүн сарптап коюшту. Филиппинге каршы беттеште физикалык жаткан даярбы?

- Биз жакшы даярдыкты өткөрдүк. Команда физикалык жактан толугу менен даяр. Плей-оффко чыгууга мүмкүнчүлүгү бизге күч-кубат берип жатат.

- Тайпалык баскычтан чыгуу мүмкүнчүлүгү канча пайызга барабар?

- Кийинки этапка өтүү мүмкүнчүлүгүбүз 100 пайыз эмес, бирок алар бар. Мүмкүнчүлүктөр жогорку жана биз жеңишке жетишибиз керек. Бул футбол жана анда көп нерсе болушу мүмкүн, бирок алгач биз өз ишибизди кылышыбыз керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
15.01.2019. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алга АК Шумкарлар!!! ишенебиз силерге !!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: