super.kg logo

Өкмөттө балдарга карата катаал мамиле жана зомбулуктун алдын алуу маселеси талкууланды

 

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу маселеси боюнча эл аралык жана коомдук уюмдун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Бүгүнкү жолугушуу жалпыбыз үчүн маанилүү болуп саналат. Анткени биз биргеликте мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдарга байланыштуу абалды жакшыртууга багытталган ишин өркүндөтүүнү каалайбыз. Биз үчүн балдарды коргоо боюнча иште тажрыйба топтогон ар бириңиздердин үнүңүздөр маанилүү", - деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, 2019-2020-жылдарга балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар планынын талкууга алынып жаткан долбоорун февраль айына чейин иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле аны жер-жерлерде ишке ашырууну баштоо пландаштырылууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү 2019-2020-жылдарга карата балдарга катаал мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун талкуулоо жана толуктап иштеп чыгуу үчүн сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: