super.kg logo

Астротөлгө: 16-январда төрөлгөн адамдар жогорку интеллекттин жана туюмдун ээлери болушабы?

 

Бул күнү төрөлгөндөр карьерасын жолго коюп, ошонун аркасынан байып жана ийгиликтүү адам болууну кыялданышат. Мындай кыялга жетүү үчүн сапаттары да талаптагыдай, мисалы, жоопкерчиликтүү, оор басырыктуу, ошону менен катар акылман жана эркиндикти сүйүшөт. Башкаларды ынандыра алчу чечендиги да бар, бирок аны колдоно беришпейт.

Дал ушул күнү төрөлгөндөр жогорку интеллекттин жана туюмдун ээлери. Бул адамдар туюмуна ишенип иш кылса да жеңишке жете алышат. Мындай өзгөчөлүк текечерлердин ичинен ушул күнү төрөлгөн адамдарга гана берилген.

Сүйүү жана достук мамилесине келгенде көбүнчө өзүмчүл болушат. Ошондуктан түгөй тандоо жана үй-бүлөлүк жашоо куруу маселе жаратышы мүмкүн. Эгер издегенин тапса бактылуу бүлө кура алышат.

16-январда төрөлгөн мырзалар тамашакөй, тазалыкты сүйүшөт жана таразадай так болушат. Ийгиликке жетишкен белгилүү мырзалардын катарында жазуучу Бексултан Жакиев, америкалык мушкер Рой Жонс, Кубанын башкаруучусу Фульхенсио Батиста бар.

Ал эми бул күнү төрөлгөн айымдар чыныгы ледилердин катарын толукташат: сарамжал, өзүнө ишенген, тыкан. Атактуу айымдар бразилиялык актриса Даниела Эскобар, англиялык фотомодель Кейт Мосс да ушул күнү төрөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: