ЭЛДИК КАБАР: "Агамдын мурдагы жубайын издеп жатам" дейт окурман
Окурман жеңесин издеп жатканын айтып, "ЭЛДИК КАБАРГА" кайрылды. Изделип жаткан аял Маматкулова Элмира Маматалиевна. Издеп жаткан окурман жеңеси менен эмне болуп байланыш үзүлгөнүн түшүндүрүп, окурмандардан жардам сурады.
"Элмира Маматкулова менин атамдын бир тууган инисинин мурдагы жубайы болот. Алар, тилекке каршы, мындан 5 жыл мурун ажырашып кетишкен. Бирок жеңебиз менен биздин ортодо мамиле үзүлгөн эмес. Апам аркылуу байланышчубуз. Акыркы 2 жылда апам ооруп калып, жеңе менен болгон байланыш үзүлүп калды. Акыркы маалыматтар боюнча Кызыл-Кыя шаарында жашап, ошол жерде соода-сатык кылып жүрчү. Агам менен жашап турганда Кара-Балтада турушту. Кийин алар жашап турган үйдү биз сатып алдык, ошондон кийин жеңем кеткен. Биздин бир инибизди агам менен жеңеме багууга бергенбиз. Кийин ал иним 14 жашында каза болуп калды. Балким, иним тирүү болгондо байланышты үзмөк эмес белек деп да ойлойм. Сүрөттөгү каза болуп калган иним. Элмира Маматкулованы таанып-билгендер болсо, 0777 74 25 15 номерине байланышып коюшуңуздарды суранам", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Бул жерде тушунбой калгандарга айтып койоюн.Бул кабарды мен жиберген болчум.Башыбыздан коп нерсе отту баарын айтуунун кажети жок.Менин радной инимди багып алышкан болчу тилеке каршы отуп кетти.Женебизгеда женил болгон жок коп кыйынчылык корду.Баарын айтып берип откон кундорун эстетким келбейт.Болгону бизге озу керек апам азыркы кундода ооруп журот азыркы убакта апам тынбай ошону сурап жатат.Апамдын суранычын жерге таштай алган жокмун.Бул жерге чыгарууда оной болб
Anan onoi bele?bul jerde bilinbegeni menen bul da bir choon joobkerchiligi barda.
Соода кылганын качан кордунор эле?
Силер канча жыл мурун кордунор эле ал жерде жашаганын?Сураганымын себеби 10 жылдай мурда сен айткан черемушки магазининин жанындагы домдо 2 падезде 1 этажда жашачу.Ал квартирасын сатып Бишкеке Кара-Балта шаарынан Уй алып ушул Жака кочуп келеберишкен болчу адашбасам 2006келишсе керек эле бул жака.Ошол жерде жашаган убакта 3-4жолу барган элем эсимде.Ал убакта жаш кичинекей кыз болчум.Ошол жерде жашаганын билчумун бирок ошол жерге кантип барышымды унутуп коюптурмун.
Рахмат силерге Аллах Таалам башыбызга салган кунду корбоско айлабыз жок.Баары кеч болгонун эстесем журогум ооруйт.Бирок ушул маментте Аллахтан тилеерим инимдин Жанын Жаннатта кылса экен деп тилейм.Куран окуп арбайына багыштаганымдан башка аргам жок.
Бир-тууганынардын Жаны Жаннатта болсун.Пандачиликда эми сабыр кылгыла.