Бүгүн, 16-январда Бириккен Араб Эмираттарында Азия Кубогунун алкагында Кыргыз улуттук курама командасы Филиппин менен беттешет.
Беттеш Дубай шаарындагы "Рашид" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да башталат.
Беттештин башкы калысы сауд арабиялык адис Турки Аль-Худхаяр. Ал Азия Кубогунун алкагында алгачкы жолу калыстын милдетин аткарат.
15:15. Бул беттеште кийинки этапка өтүүнүн тагдыры чечилет. Эгерде Кыргыз улуттук курама командасы бул беттеште жеңишке жетсе плей-офф баскычына өтүүгө толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Анткени мелдештин плей-офф баскычына тайпалык баскычта 3-орунду ээлеген 4 команда өтө алат. Учурда 3 команданын жолдомо алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Азыркы тапта кийинки этапка төмөнкү командалар өттү:
"А" тайпасынан - БАЭ, Таиланд, Бахрейн;
"В" тайпасынан - Иордания, Австралия;
"С" тайпасынан - Кытай, Түштүк Корея;
"D" тайпасынан - Ирак, Иран;
"Е" тайпасынан - Катар, Сауд Арабиясы;
"F" тайпасынан - Өзбекстан, Япония.
15:25. Бул беттеште Кыргыз улуттук курама командасы кызыл түстөгү формачан ойнойт.
15:30. Кечээ, 15-январда "Рашид" стадионунда Кыргыз жана Филиппин курама командалары беттеш алдындагы машыгууларын өткөргөн. Машыгуулардын алдында маалымат жыйын орун алып, анда Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин: "Филиппин менен беттеште өзгөчө тактика колдонуп, жеңишке жеткенге аракет кылабыз", - деп айтса, Филиппин курамынын башкы машыктыруучусу Свен-Ёран Эрикcсен: "Кыргыз курамын жеңип алабыз деп ойлойм", - деген.
15:50. "Рашид" стадиону тууралуу айтып кетсек, стадион 1948-жылы курулуп, 2000-жылы реконструкцияланган. 2003-жылы "Рашид" стадионунда жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу жана 2013-жылы өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугу өткөрүлгөн. Бул стадион жергиликтүү "Аль-Ахли" футболдук клубуна караштуу жана 18 миң көрүүчүнү батырат. Белгилей кетсек, стадион метро жолунун жанында жайгашкан жана вагондон стадион көрүнүп турат.
16:10. Кыргыз менен Филиппин курама командалары буга чейин 2 жолу беттешкен. 2016-жылдын сентябрь айында командалар Бишкек шаарында күч сынашкан. Анда филиппиндик футболчулар 2:1 эсебинде жеңишке жетсе, ошол эле жылдын ноябрь айында орун алган Манила шаарындагы беттеште Кыргыз курамасы 0:1 эсебинде жеңилип калышкан.
17:30. Кыргыз улуттук курама командасынын кийим которуучу жайы даяр болду. Учурда кыргыз футболчулары стадионго келе жатышат.
18:00. Кыргыз футболчулары стадионго келишти.
18:10. Алгачкы мүнөттөрдөн чыга турган 11 кыргыз футболчунун тизмеси белгилүү болду.
Дарбазачы: Кутман Кадырбеков;
Коргоочулар: Валерий Кичин (капитан), Тамирлан Козубаев, Мустафа Юсупов;
Жарым коргоочулар: Бекжан Сагынбаев, Кайрат Жыргалбек уулу, Эдгар Бернхардт, Фархат Мусабеков, Ахлидин Исраилов;
Чабуулчулар: Мирлан Мурзаев менен Виталий Люкс.
18:30. "Рашид" стадионунда оюн талаасы беттешке даярдалып жатат. Командалардын машыктыруучулары топторду даярдап, оюнчулардын талаага чыгуусун күтүп жатышат.
18:40. Беттештин алдындагы машыгууну баштоо үчүн оюн талаасына алгач дарбазачылар чыкты. Алар Кутман Кадырбеков, Павел Матяш жана Валерий Кашуба.
18:45. Дарбазачылардын артынан эле оюн талаасына улуттук курамыбыздын коргоочу, жарым коргоочу жана чабуулчулары чыкты. Беттеш 55 мүнөттөн кийин старт алат.
18:50. Стадиондо учурда кыргыз ырчыларынын чыгармалары жаңырууда. Анда бир нече мүнөт мурун Мирбек Атабековдун "Жалынам" аттуу чыгармасы жаңырды.
19:10. Футболчулар машыгуусун жыйынтыктап, кийим которуучу бөлмөгө кирип кетишти. Беттеш 20 мүнөттөн кийин башталат.
19:20. Талаага Кыргыз менен Филиппин курамаларынын жана Азия Кубогунун эмблемасын чыгарышты.
19:25. Командалар оюн талаасына чыгышты, беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат.
19:26. Кыргыз өлкөсүнүн гимни жаңырды. Азыр Филиппиндин гимни жаңырып, беттеш башталат.
19:28. Командалар учурашып, беттешти баштоого даяр болушту. Топту оюнга Филиппин курамасы кошот.
19:30. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш старт алды.
19:31. Алгачкы мүнөттө эле кыргыз футболчусуна каршы эреже бузулду. Мирлан Мурзаев жаракат алып, медициналык жардамга муктаж болууда.
19:32. Кыргыз футболчулар айып сокку аткарды, бирок андан натыйжа чыгара алышкан жок.
19:33. Виталий Люкс алыскы аралыктан сокку узатып, бир аз таамай болбой калды. Топ дарбазадан жогору өтүп кетти.
19:34. Стадиондо кыргыз күйөрмандары көп, алар топтошуп 3 сектордо жайгашууда.
19:40. Кыргыз футболчулары чабуулга чыгып, топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алышты.
19:41. Тамирлан Козубаев оюн эрежесин бузуп сары айып кагазы менен белгиленди.
19:42. Бернхардт топту бурчтан чыгарып, андан футболчуларыбыз пайда чыгара алган жок. Топ филиппиндиктерде.
19:43. Филиппин курама командасы чабуулга чыкты. Атаандашыбыздын чабуулчусу сокку узатканга жараганы менен, таамай болгон жок.
19:47. Валерий Кичинге каршы оюн эрежеси бузулуп топ Кыргыз курамасынын карамагына өттү.
19:49. Кыргыз курамасы мыкты чабуулду аткарганга үлгүрдү. Бекжан Сагынбаев сол канаттан айып аянтчага топту көтөрүп, тилекке каршы ага Люкс жетпей калды.
19:51. Филиппиндик оюнчулар орой оюн көрсөтүүдө. Алар уламдан-улам оюн эрежелерин бузуп жатышат.
19:52. "С" тайпасында өтүп жаткан Түштүк Корея-Кытай беттешинде учурда эсеп саны 1:0 болуп жатат.
19:53. ГООООООООООЛ! Виталий Люкс эсеп санын ачты. Кайрат Жыргалбек уулунун чыгаруусунан кийин Люкс таамай соккусу менен гол жаратты.
19:55. Виталий Люкс жараткан голу менен Кыргыз курамасы үчүн голдордун санын 6га жеткирди.
19:57. Филиппиндиктер чабуулга чыгып, эсепти тең кылганга аракет кылууда. Голду өткөргөндөн кийин чабуулдарын мыктыраак аткарып баштады.
20:00. Мирлан Мурзаев мыкты мүмкүнчүлүктү колунан коё берип алды. Ал атаандашынын катасынан кийин дарбазачы менен бетме-бет келген. Мурзаев соккусун дарбазачынын колуна узатып салды.
20:01. Валерий Кичин мыкты оюн көрсөтүүдө. Ал атаандаштардын чабуулун уламдан-улам токтотууда.
20:02. Фархат Мусабеков филиппиндик оюнчуга карата оюн эрежесин бузууда. Филиппин курамасы айып сокку аткарат.
20:03. Филиппиндиктердин дарбазачысы дагы мыкты экенин көрсөтүүдө. Ал алгач Ахлидин Исраиловдун андан соң Бернхардттын соккусун кайтарып кетти.
20:04. Ахлидин Исраилов айып аянтчанын ичинен топту кабыл алып, сокку узатканга үлгүрдү. Ал узаткан сокку бир аз таамай болбой, дарбазанын үстүнөн өттү.
20:05. Мусабеков кайрадан оюн эрежесин бузууда. Бул ирет ал калыстан сары айып кагазын алды.
20:06. Кичин кайрадан мыкты экенин көрсөтүүдө. Ал атаандашынын кооптуу соккусун өз денеси менен кайтарып салды.
20:08. Кыргыз футболчусуна каршы оюн эрежеси бузулду. Топ Кыргыз курамасынын карамагында калууда.
20:10. Виталий Люкс эсепти 2:0 кылганга жакын болду. Ал Сагынбаевдин чыгаруусунан кийин топту башы менен дарбазага багыттаган, бирок дарбазачы топту тосуп алганга жарады.
20:11. Кыргыз курамасы топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.
20:12. Кыргыз футболчулары топту бурчтан чыгарып, Бернхардт топту Люкска өткөрүп берүү аракетин көргөн. Бирок филиппиндик дарбазачы топту кайрадан талаадан сырткары чыгарып салды.
20:13. Бурчтан чыгаруу орун алып, Валерий Кичин узаткан сокку коргоочуга тийип, топ Юсуповго келген. Ал дароо сокку аткарып, таамай болбой калды.
20:15. Беттештин 1-таймы аягына жетти. Башкы калыс таймга кошумча 2 мүнөт кошту.
20:16. Коопту сокку штанга менен аяктады. Бекжан Сагынбаев сол канаттан Люкска чыгарып, анын соккусу штангага багытталып калды.
20:37. ГООООООООООООЛ!!!!. Виталий Люкс кайрадан айырмаланып эсепти 2:0 кылды.
20:39. Ахлидин Исраиловго каршы оюн эрежеси бузулуп, Кыргыз курамасы айып сокку аткарат.
20:40. Айып соккуну Бернхардт аткарып, бирок футболчуларыбыз андан натыйжа чыгара алган жок.
20:41. Кутман Кадырбеков дарбазасын голдон сактап калды. Филиппиндик оюнчунун соккусун Кадырбеков секирип тосуп койду.
20:42. Анда Виталий Люкстун алгачкы голун сиздин назарыңызга коёбуз. Люкс бул беттеште өзүн мыкты көрсөтүүдө.
20:44. Кайрат Жыргалбек уулуга каршы эреже бузулду. Кыргыз курамасы айып сокку аткарат.
20:45. Бернхардттын чыгарып берүүсүнөн кийин Козубаев жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болчу, бирок ал сокку узатканга жетишпей калды.
20:46. Филиппин курамасында алмашуу орун алды. Филиппиндин машыктыруучусунун шакирттери азырынча эч нерсе кыла албай жатышат.
20:48. Филиппиндик оюнчулар топко көбүрөөк ээ болуп, чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.
20:49. Тамирлан Козубаев оюн эрежесин бузуп, Филиппин курамасы айып сокку аткарат.
20:50. Филиппиндик оюнчулар айып соккуну дароо дарбазага багыттады. Бул жерде Кутман Кадырбеков мыкты ойноп топту тосуп алды.
20:52. Бекжан Сагынбаевге каршы оюн эрежеси бузулуп, филиппиндик оюнчу сары айып кагазын алды.
20:53. Эдгар Бернхардт атаандашын артынан жыгылтып, сары кагазга ээ болду. Филиппиндиктер айып сокку аткарат.
20:54. Филиппиндиктер айып соккудан натыйжа чыгара алган жок. Топ дарбазага багыт алган жок.
20:55. Кайрадан кыргыз футболчулар оюн эрежесин бузууда. Бул ирет Ахлидин Исраилов атаандашын кулатты.
20:56. Филиппиндик оюнчунун соккусу Фархат Мусабековдун башына тийип, талаадан чыгып кетти. Бул сокку Мусабековго катуу тийип калып, ал медициналык жардам алды.
20:59. Кыргыз курамасынын чабуулу Мусабековдун соккусу менен аяктады. Мусабеков топту дарбазанын сол бурчуна багыттап, бирок дарбазачы аны тосуп алды.
21:00. Кыргыз курамасында алмашуу орун алды. Анда Ахлидин Исраиловдун ордуна Азиз Сыдыков чыкты.
21:02. Кайрат Жыргалбек уулуна каршы оюн эрежеси бузулду. Топ Кыргыз курамасынын карамагында калууда.
21:04. ГООООООООООЛ!!! Кайрадан Виталий Люкс. Мирлан Мурзаев узаткан сокку штангага тийип, топ Люкстун бутуна туш келген. Ал дароо сокку узатып, эсепти 3:0 кылды.
21:06. Кыргыз курамасында алмашуу орун алды. Анда Фархат Мусабековдун ордуна Антон Землянухин оюнга кошулду.
21:07. ГОЛ! Филиппиндик оюнчулар айып соккудан кийин эсепти 3:1 кылып кетишти.
21:09. Гол киргизгенден кийин филиппиндиктер дароо чабуулга чыгышты. Кыргыз футболчулары чарчап калгандай көрүнөт.
21:10. Кыргыз курамасында алмашуу күтүлүүдө. Оюн талаасына Турсунали Рустамов чыгууга даярданып жатат.
21:11. Кайрат Жыргалбек уулу оюн эрежесин бузду. Ошол заматта калыс алмашууга жол берип, Рустамов Мирлан Мурзаевдин ордуна оюнга кошулду.
21:13. Козубаев ката кетирип, топтун багытын филиппиндик чабуулчуга карата өзгөрттү. Чабуулчу дарбазачы менен бетме-бет келип, анын соккусу таамай болгон жок.
21:14. Турсунали Рустамовго карата оюн эрежеси бузулду. Топ кыргыз футболчуларында.
21:15. Айып соккудан футболчуларыбыз жыйынтык чыгара албай топту тарттырып коюшту. Филиппиндиктердин ылдамдыкта аткарылган чабуулун Валерий Кичин токтотуп койду.
21:16. Филиппиндик оюнчу айып аянтчасынын жанынан колу менен ойноп, Кыргыз курамасы айып сокку аткарганга мүмкүнчүлүк алышты.
21:17. Айып соккуну Эдгар Бернхардт аткарып, анын соккусу түз дарбазачынын колуна барды.
21:18. Турсунали Рустамовго каршы дагы бир жолу оюн эрежеси бузулду. Кыргыз футболчулары айып соккудан жакшы жыйынтык чыгара албай калды.
21:19. Беттештин негизги убактысы аягына жетип, калыс 3 мүнөт кошуп берген.
21:20. Калыстын ышкырыгы жаңырып Кыргыз курама командасы бул беттеште жеңишке жетти.
кошулду
Автор: Нурсултан Нурболот уулуФото: Нурсултан Нурболот уулу
Рашид стадиону
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Филипиндиктердин оюну чыкпай жатат,оздору ката кетирип,биздикилерге шанс берип жатат,ушундайдан пайдаланып дагы бир эки гол киргизип алыш керек.1-0 ду сактайм деп защитага жатып албай,2-тайм башталышы менен экинчи голго аракет кылгыла эми.Ото чон шанстарды берип жатат.АЛГА КЫРГЫЗСТАН !!!
Алгаааа биздикилер!!!!
Кудум Бенземанын озундой