super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев шайлоо процессин техникалык жактан камсыздоо менен алектенген компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту

 
Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 19-июлда шайлоолордо шайлоочуларды, добуш берүүнү жана добуштарды саноону каттоо жана идентификациялоо процессин камсыздоочу жабдуулар менен маалыматтык системдин бет ачарын жасаган компания өкүлдөрү менен жолугушту. Өмүрбек Текебаев белгилегендей, шайлоо процессинин бардык механизмдеринин ачыктыгы менен айкындыгын камсыздоо зарыл. “Мындай максатка жетүү үчүн бүгүнтөн баштап эски технологиялардан кетүү керек жана шайлоо процессинин ачыктыгын, шайлоочунун идентификациясы, айкындык, добуштарды саноо процессине көзөмөл боюнча оптималдуу системди тандап, заманбап технологияларга өтүү зарыл”,- деди депутат. Фракция лидери бул үчүн кийинки шайлоолордо жаңы технологияларды колдонууга жол берүүчү мыйзам базасы иштелип чыгарын айтты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: