super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Камчыбек Ташиев: “Бийлик өз милдеттерин аткара албай жатат”

 

2017-жылга чейин кабыл алынган жаңы кодекстер ушул жылдын башынан тарта күчүнө кирди. Бирок бул нормалар коомчулуктун сынына кабылууда. Коомдук жайда түкүргөндөрдү 5500 сомго айыпка жыгуу талабы жарандарды кыжырлантып, өкмөттүн дарегине нааразычылыктарды туудурду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "түкүрүк мыйзамын" кайра карап чыгыш керек десе, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "туура эмес норма кирип калыптыр" деп айып пулду 5500 сомдон 1000 сомго түшүрүү каралып жатканын айтты.

SUPER.KG порталынын "Өкмөт "туура эмес норма экен" деп түкүрүккө салынчу айып пулду 5 эсе азайтууну чечти. Бул абылгазиевдик өкмөттүн жыл башынан күчүнө кирери белгилүү болгон кодекстер менен таанышып чыкпаганынан кабар береби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев жооп берди.

Ал өз сөзүндө бийлик эл менен иштеше албай жатканын айтты.

“Бул бүгүнкү күндөгү өкмөттүн шалаакылыгын билдирет. Бүгүнкү күндөгү бийликтин эл менен иштей албай жатканынан кабар берет. Бийликке элдин, мамлекеттин тагдырына кайдыгер караган, айлык үчүн отурган адамдардын топтолгонунун далили. Бул өкмөттүн түздөн-түз шалаакылыгы. Андай болбосо бийлик элдин турмушуна таасири тие турган ар бир мыйзамды, ар бир кыймыл-аракетти тыкыр иликтеп, ошонун пайдасын, зыянын таразалашы керек эле. Бирок бийлик өз милдеттерин аткарбай жатат”, - дейт Ташиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Зиядин Жамалдинов, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, юрист Канатбек Азиз, Ак Үйдүн алдына барып түкүргөн Рамис Закирияевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: