super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Базар-Коргон районундагы калкты тейлеген мекеменин мал сарайдан айырмасы жок" дейт окурман

 

Базар-Коргон районундагы социалдык өнүгүү башкармалыгынын имараты мышык ыйлагыдай абалда. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирип, видеосун жөнөттү.

"Райондук мекеменин ичинде калкты тейлөө үчүн бир нече бөлүмдөр иштейт. Бул жакта паспорттук виза алууга каттоо жүргүзүүчү бөлүмү да иш алып барат. Эл күн сайын ар түрдүү жумуштары менен агылып келип кетишет. Эл арасына чыккандай болуп жакшыраак кийим кийип барууга да мүмкүн эмес. Имараттын короосунан белиңе чейин баткак болосуң. Эптеп өтүк кийип араң ичине кирсең, ичинде да бут коёрго таза жер жок. Полдун баары жыртылып, таман таштары оюлуп калгандыктан түзүрөөк да баса албайсың. 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялап коюшканы менен, бир да алгылыктуу иш алып барылган жок деп эсептейм. Базар-Коргондун ички жолдорунун баары жарактан чыккан. Жок дегенде мамлекеттик мекемелердин алдын асфальттабаса да, шагыл алып келип төгүп коюшпайт. Мекеменин ичин жууп-тазалаган кызматкерлер жокпу? Айтор, маанай түшүп, жумуш бүтүргөнү барганда чарчап, ылайга матырылып барып келесиң", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Базар-Коргондогу мамлекеттик мекеменин абалы мышык ыйлагыдай

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.01.2019. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базар Коргондун чондорунан да
16.01.2019. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны караса чөнтөктөрүнө кайсы акча түшөт ал жерлер кагаз жүзүндө тим эле жалтылдаган мекеме болсо керек
18.01.2019. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын чет жерлери бут эле ушундай.Бир эле ал эмес школго баргандада балдар белине чейин ылайга батып келишетго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: