super.kg logo
  Спорт  

Виталий Люкс: "Сезимдеримди сөз менен айтып жеткире албайм" (кыска маек)

 

"Менин досум түшүндө 2 гол киргизип жатканымды көрүптүр". Мындай пикирин Кыргыз-Филиппин беттешинде 3 гол жараткан Кыргыз курама командасынын оюнчусу Виталий Люкс оюндан кийин айтты.

Ал беттештен кийинки интервьюда төмөнкүлөргө токтоду:

"Беттеш мыкты болду, жомоктогудай. Кытайга каршы беттеште өзүмдү жакшы көрсөтө албасам дагы бүгүн бардыгы орундалып, ар бир соккум дарбазага багытталды. 4-голду киргизгенге дагы мүмкүнчүлүктөр болгон, бирок бир соккум штангага тийип калды. Бүгүн мен киргизген 3 гол Азия Кубогунда алгачкы хет-трик деп уккам, бирок ал андай эмес экен".

- Биринчи голдон кийин кандай сезимдер болду?

- Бүгүн биз жеңишке жетүүгө аракеттенгенбиз, бардыгы биз ойлогондой эле болду. Сезимдеримди сөз менен айтып жеткире албайм. Эмне деп айтарымды дагы билбей жатам.

- Бул беттеште 3 гол киргизем деп күттүң беле?

- Жок, күткөн эмесмин. Негизи эле эч ким күткөн эмес деп ойлойм. Досумдун түшүнө мен 2 гол киргизип жатканым кириптир (күлүп).

- Футболдук клубуң үчүн дагы хет-триктерди киргиздиң беле?

- Ооба, буга чейин киргизип жүргөм, бирок алардын саны өтө көп эмес.

- Кийинки баскычта Кыргыз курамасы БАЭ менен кез келет. Атаандаш тууралуу эмнелерди билесиң?

- Эми БАЭ курама командасы талаа ээлери да, стадион күйөрмандарга толот. Алар менен беттешүү абдан оор болот деп ойлойм. Алар жакшы ойношот, биз бүгүнкүдөй жакшы ойношубуз керек.

- Сен Кыргыз курама командасынын тарыхында хет-трик жасаган алгачкы футболчусуң. Бул боюнча эмне деп айта аласың?

- Мен курама команда менен сыймыктанам. Хет-трик кылганыма алардын салымы чоң. Алар мен гол киргизгенге мүмкүнчүлүктөрдү берди.

- Кыргыз курама командасынын оюнуна кандай баа бересиң?

- Биз мыкты оюн көрсөтүп келе жатабыз. Кытайга жана Түштүк Кореяга каршы беттеште дагы мыкты ойнодук деп ойлойм. Ар бир оюн сайын биздин курамабыз мыктыраак оюн көрсөтүп келе жатат. Мындан кийин да мыктыраак болобуз деп ойлойм.

Кечээ, 16-январда Кыргыз курама командасы Азия Кубогунун алкагында алгачкы ирет жеңишке жетип, мелдештин жарым чейрек финалына өттү. Кыргыз футболчулары мелдештин 3-турунда Филиппин курама командасын 3:1 эсеби менен утуп алышты.


кошулду





Азия Кубогу: Кыргыз курама командасы Филиппинди 3:1 эсебинде жеңип алды

Виталий Люкстун голу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(15)
17.01.2019. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Красава Люкс эми Эмиратыга хет-трик кылып дагы бир тан калтырчы баарыбызды
17.01.2019. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Менимче Кыргызстан Эмираттарды да утушат, Тренерге футболчуларабызга чон рахмат кийинки баскычка отушкону учун
17.01.2019. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Досун адашыптыр
17.01.2019. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец!
17.01.2019. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эми дагы кайталап түш көрүп койсо экен досуң.
17.01.2019. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мирлан эми сенде очередь озунду корсот
17.01.2019. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Касак ынды жуудун
17.01.2019. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жакшы пас болбосо мыкты деген оюнчу дагы гол киргизе албайт,жалпы команда жакшы ойноду,азаматсынар.
17.01.2019. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дагы жакшы ойногула.ОАЭни женсенер же Австралия же Узбек-Япон женгени мн ойнойсунар.
17.01.2019. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар. Красава . ийгилик
17.01.2019. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Boldu uwul dele jetet birinchi oyunda 8/1 chyguu dele ozuncho bir utuw. Koopton beri mynday adrenalin ala elek bolchum sonun boldu oyun.
17.01.2019. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zevs,Топ тоголок Алга жакшы ниет кылалы туугандар!
17.01.2019. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат.Кийинки бетешке ийгилик
17.01.2019. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Люкс сен учун биз бугун чакан отуруш кылабыз кечке
Медиа-портал
17.01.2019. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар Кыргыз мамлекети Алга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: