Мирлан Бакиров "жыйынга футболка кийип келдиң" деп сындаган адамдан кечирим сураганга даяр экенин айтты
Депутат Мирлан Бакиров "жыйынга футболка кийип келдиң" деп сындаган адамдан кечирим сураганга даяр экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-январда SUPER.KG порталына билдирди.
"Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттын пикиринен улам төрага кылуучу катары регламентти эскерттим. Жогорку Кеңештин комитетинин чечиминде аталган чиновник чакырылгандардын катарында жок экенин айтуу менен, "сиз бара берсеңиз болот" деген оюмду билдиргем. "Кууп чыкты" дегендей бурмаланган маалыматтар чыгып кетти. Мамлекеттик кызматта, саясатчылардын арасында улуу, кичүү деген түшүнүк болбойт. Бирок адамдык касиет, өзүмдүн сөзүм менен ошол кишинин аброюна шек келтирип же коомчулукта терс пикирлер жаралып калган болсо кечирим сурайм. Бул кечирим суроодон адам кемип кетпейт", - деди ал.
Ошондой эле парламенттин басма сөз кызматы жарыялаган видеодо Мирлан Бакиров өкмөт өкүлүн эмне себептен жыйындан чыгарылганына да токтолгон.
"Бул жерде баяндамачыга депутат Алмазбек Токторов тарабынан конкреттүү сын-пикир түшүп жатат. Экинчи себеп, ошол чакырылган чиновник берилген суроолорго так жооп бере албай, кагаз жүзүндө жооп беребиз дегени да депутаттарды ынандырган жок. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алууга туура келди", - дейт Бакиров.
Кечээ, 16-январда депутат Алмазбек Токторов Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду "Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз" деп сынга алган. Вице-спикер Мирлан Бакиров Тынысовдун жыйындан чыгып кетүүсүн талап кылган эле.
кошулду
Өкмөт өкүлүн футболка кийип келдиң деп жыйындан чыгарган вице-спикер үн катты


