super.kg logo

Миграция кызматы чет элдик жарандарга Кыргыз өлкөсүндө ишкердик жүргүзүүгө уруксат берүүнү 30 миң сомго көтөрүүнү сунуштоодо

 

Миграция кызматы чет элдик жарандарга Кыргыз өлкөсүндө ишкердик жүргүзүүгө, иштөөгө уруксат берүүнү 30 миң сомго көтөрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов Бишкекте өтүп жаткан митингде билдирди. Анын айтымында, бул талап квалификациясы жогору жумушчулардын көбөйүшүнө шарт түзөт.

"Кыргыз жеринде иштеп жаткан чет элдик ишканаларда иштегендердин 80 пайызы Кыргыз жарандары, калганы чет элдик жарандар болуусу керектиги тууралуу биз буга чейин эле демилгелеп чыкканбыз. Ал үчүн жумушчу топ түзүп, мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Азыр ал демилге өкмөттүн кароосунда турат. Андан сырткары иштөөгө уруксат берүү 2 миң сом болсо, ишкердикти жүргүзүү документин алуу 30 миң сомго көтөрүлөт. Муну менен квалификациясы жок чет элдик жарандардан арылып, жогорку квалификациялуу жумушчуларга иштөөгө шарт түзүп беребиз", - деди Токтоболотов.

Токтоболотов учурда Кыргыз жеринде иштеп жаткан Кытай жарандарынын саны 9300 экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.01.2019. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кытайлар боюнча суроону Атамбаевге бериш керек?
17.01.2019. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оа кытайлар ХХХХХ маалвнда толуп кетти эле ошол маалда эмнеге унчукпады
Азр ХХХХ доорунда ХХХХ кычык таппай кытайларга такалды
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-01-17 14:10:23
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: