super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов ЦСКА клубунун оюнчусу Ильзат Ахметовго кайрылуу жасады

 

Футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов ЦСКА клубунун жарым коргоочусу Ильзат Ахметовго кайрылуу жасады. Ал өз кайрылуусун социалдык тармактардын бирине жарыялап, Ахметовду Кыргыз курама командасынын катарында ойноого чакырган.

Байматов ЦСКАнын оюнчусун Орусияда мыкты футболчу боло алгандыгын белгилеп, кыргыз футболунда жаңы тарых баракчасы жазылып жатканын жана мындай учурду Ахметов менен кошо белгилеп, аны менен оюн талаасында чогуу оюн көрсөткүсү келерин айткан.

Азамат Байматовдун Ильзат Ахметовго кайрылуусу:

Бүгүн биздин футбол үчүн, өлкөбүз үчүн абдан маанилүү күн. Бүгүн тарых жазылган күн. Мен өз өлкөмдүн патриоту болгонум үчүн бүгүн оюн талаасынын аркы тарабында отуруп аябай сыймыктандым. Биринчи жолу күйөрмандардын арасында болдум. Алар берилген, чыныгы күйөрмандар. Көпчүлүгү жумушун таштап бизди колдогону келишти. Көпчүлүгү атайын кыргыз жеринен учуп келип командабызды колдошту. Аларга баш ийип таазим кылам. Тилекке каршы, мен Азия Кубогуна катыша алган жокмун. Бардык ишке ашпай калган кыялдар жакшылыкка алып келиши мүмкүн. Баары жараткандын колунда.

Учурдан пайдаланып, Ильзат Ахметовго кайрылып кетким келет. Ильзат, тилекке каршы, биз экөөбүз тааныш эмеспиз. Бирок ойногонуң, жетишкендиктериң баарына, анын ичинде бизге дагы үлгү боло алат. Сенин Орусия курама командасынын катарындагы дебюттук оюнуң жаракат алганыңа байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылды. А сен жакшылап ойлонуп көр. Кыргыз өлкөсүндө баары сени баалашат. Сен Орусияда өзүңдү жакшы көрсөтө алдың. Орус жергесинде сен легионер катары саналбайсың.

Биз оюн талаасына сени менен бирге чыгууну каалайбыз. Балким, биз Дүйнө чемпиондугунда ойноп каларбыз. Эмнеге болбосун? Биз татыктуу оюн көргөзүп, Азиянын күчтүү клубдарын жеңе алдык. Жакындарың менен кеңеш. Жүрөгүңдү ук. Менде дагы бир учурда ушундай абал болгон. Мен Латвиянын, Казакстандын жарандыгын алып калышым мүмкүн эле. Бирок мен Кыргыз өлкөсүн эл аралык аренада татыктуу көрсөткүм келет. Бул чечимим үчүн мен таптакыр өкүнбөйм", - дейт Байматов.

Бул тууралуу футболчу Азамат Байматовго кайрылганыбызда ал Ахметов тарабынан азырынча эч кандай жооп боло электигин жана ЦСКАнын футболчусу жакшылап ойлонуп көрүп, туура чечим кабыл алат деген үмүттө экенин SUPER.KG порталына билдирди.

Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында туулган. Алгач бишкектик "Алга" футболдук клубунда ойноп келген. 11 жашында үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп барып, Юрий Коноплёвдун футбол академиясында тарбияланып баштаган. Андан соң Ильзат Ахметов "Рубин" футболдук клубу менен келишим түзүп, 16 жашында "Рубинде" дебют жасаган. 2018-жылы ЦСКА клубуна келген. Азыркы учурда ЦСКА клубунун негизги оюнчусуна айланып, Чемпиондор Лигасында дагы беттештерге катышканга жетишти.

Ахметов бул жылы Орусия футболдук союзу тарабынан "2018-жылдын эң мыкты жаш оюнчусу" деп табылып, "Биринчи бештик" сыйлыгына ээ болду. Ошондой эле ал УЕФА тарабынан тандалган өткөн жылдагы эң мыкты 50 жаш футболчунун катарына кирди.


кошулду





Футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов ЦСКА клубунун оюнчусу Ильзат Ахметовго кайрылуу жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(20)
17.01.2019. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Илзат кел сени кыргыз эли күтөт!
17.01.2019. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Э Азамат кайсы курамга ойношту Ильзат озу чечпейт эмне эле аны кыйнап атасынар ! кайсы курамга ойношту азыркы тапта Евгений Гинер чечет.болбосо Гинерге байланышкыла суйлошкуло балким макул болуп калар.Ильзатты кыйнабагыла карьерасына залаканарды тийгизип алышынар мумкун.
17.01.2019. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
TalaCSKA,Евгений Гинер чечпейт ар бир оюнчу озу билсе керек кимдин камандасында ойноорун Азамат чон футболчу ким чечээрин билбейт дейсинби,Илзатын кимге ойноорун озу чечээрин билип кайрылуу жасаса керек.
17.01.2019. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Nargiza1987k,в профессиональной футболе тем более ПФК ЦСКА Москва размер зарплаты зависит от количества проведенных на поле игрового времени это одно.второе начальство ЦСКА тоже патриоты своей страны они могут обидеться и лишить Ильзата игровых времени а это очень плохо для продолжении футбольный карьеры.есть вариант можно встретиться с тренером, отцом Ильзата,с Бабаевым,с Гиннером и все обсудить по хорошему.
17.01.2019. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
TalaCSKA, а так как Байматов нельзя можно навредить карьере парню нельзя давить на чувство патриотизма.он сам профессиональный футболист и должен был знать все нюансы! думаю он знает какие у него проблемы были с Рубином как оказался в отделе кадров работать и.т.п.короче говоря отстаньте от парня у него сейчас есть хорошие шансы дальше пробиться в европейский футбольный гранд.удачи Ильзат
17.01.2019. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
эми жооб кутобуз жоок десе керек,бирок салым кошуш керек люкс деле германияда ойнойт экен келип ойноп атат экен кыргызстан учун
17.01.2019. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келсе ото сонун болмок бирок тилекке каршы ильзат такыр келбейт аны ошол жакта мынданда чоон чоон ийгиликтер кутуп турат
Медиа-портал
17.01.2019. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ахметов Кыргызстанды тандабайт,ал сендей болуп канында кыргыз каны жок ошон үчүн Россияны тандады,бул чечимге ал мурун эле келген андан кайтып келүүсүн күтпөшүбүз керек.
17.01.2019. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ЦСКА нын Бразилиялык защитники айткандай, Россия женгенде мени мыкты оюнчу дешет, а женилгенде мени жаман оюнчу дейт, деп окунгонго так что ойлон Илзат.
17.01.2019. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ахмедов келбейт,андан коро озубуздун журогу кыргыз деп соккон жаш таланттарды таап,машыгууну кучотуш керек.
17.01.2019. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бөрү баласы ит болбойт!!!
17.01.2019. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келсе деле кошпойт кыргыз курама командасына себеби ал Россиянын жараны.
17.01.2019. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Илзатты не кыласынар туулган жерин саткан ошол жакта журо берсин. Илзат жакшы ойнойт бирок назик бала эгер гаттуза сыяктуу ойунчуларга попал болуп калса инвалид кылып койот.
17.01.2019. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илзат качан Башка клубка кетет ошол убакта ойношу мумкун бизге Россия премер лигасында журуп Крга ойнобой калдыго
17.01.2019. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайрылуу жасабай озу салым кошпойбу баймат
17.01.2019. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде футбол онугуп жатат демек биздин балдар кучту осуп келе жатат дегендикти билдирет илзатка окшогон кучту жигиттер коп биз болгону ошолорду баалай билишибиз керек кеп ильзатта емес кеп озубуздун жаштарыбызда
Медиа-портал
18.01.2019. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илзаттан умут кылбай, озунордун арабанарды тарткыла, машыгып кучтуу болгула,жаш таланттарга костинг уюштуруп мыкты оюнчуларды тандап машыктыргыла уйроткуло!
18.01.2019. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Баймат озу ойнобойбу озбек балага жалдырабай.
18.01.2019. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЕврАзЭС мамлекеттеринин арасында футбол оюнчулары мындан кийин легионер катары саналбайт деген чечим чыгыптыр деп окуган болчумун кайсы бир маалымат булактарынан. Бөрү баласы ит болбосо анда Виталий Люкс ким болуп калат. Карачы кандай сонун голдорду киргизди. Ильзат деле ойлонуп жакшы чечим кабыл алса керек деп үмүт кылалы.
18.01.2019. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээ Ж.Акаев жакшы сунуш киргизди Кыргызстанда футбол академияларын ачып,таланттуу жаштарды чакырып машыктырууну кучотуш керек деп.Ал эми Ильзат Россиянын жараны анын эмне кереги бар?Баймат бир жолу тизелеп суранбапсын келип ойноп бер деп,,,)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: