super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Жаңы кодекстерге өкмөттүн даярдыгы алсыз, жансыз, акылсыз болгон деп баа беришибиз керек"

 

"Жаңы кодекстерге өкмөттүн даярдыгы алсыз, жансыз, акылсыз болгон деп баа беришибиз керек" деп бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Момбеков өкмөт жаңы кодекстер боюнча күнөөнү Жогорку Кеңешке оодарып жатканын айтты.

"Бул маселени күн тартибине киргизип, маалыматты уктук. Жыйынтык чыгарбасак эл эмне дейт? Эмне таптыңар дейт. Ушул өкмөт апрелде ант берип жатканда чапанын сүйрөгөн чалдардын өкмөтү келиптир, "кидайтетет" деп айткам. Мына, көзүңөрчө "кидайтетти". Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды. Алар бизге "мыйзамдын автору силерсиңер" деди. Башкача айтканда, бизге түкүрүп кетти. Күнөөнүн баарын бизге оодарып салды. Эмне деп актанабыз? Эмне деп мактанабыз? Мыйзамга, жаңы кодекстерге 222 миллион сом кеткенин айтышты. Бул акча асманга учтубу? Каражат мыйзамсыз максатка жумшалган экен да. Ким жоопкерчилик тартат? Баа берилиши керек", - дейт Момбеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков тийиштүү комитеттер ушу маселени карап, баа берсе боло турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: