super.kg logo

Азия Кубогунда Кыргыз курама командасына күйөрмандык кылган Нурсултан Курсанали уулу: "Кыргыз күйөрмандарынын жанында филиппиндиктердин үнү да угулган жок"

 

Кечээ, 16-январда Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз курама командасы Азия Кубогунун алкагында Филиппин курамасын 3:1 эсебинде жеңип, кыргыз элине болуп көрбөгөндөй чоң кубаныч тартуулады. Ал эми аталган беттешти өз көзү менен көрүп, күйөрмандык кылып келген "Жарайт сити" долбоорунун катышуучусу Нурсултан Курсанали уулу оюн тууралуу эмоциялары менен бөлүштү:

"Негизи кечээги оюн тарыхта кала турган оюндардын бири болду деп ойлойм. Оюн учурунда курама командабыз биринчи голду киргизгенде абдан сүйүнүп, эмоциялар "мощный" болду. Оюндун ортосунда 2-таймда командабызды колдоо максатында гимн ырдап баштадык. Ушул нерсе бизге абдан дем берди. Экинчи голду дагы абдан күттүк. Виталий Люкс азамат! Кыргыз элинин үмүтүн актады. Себеби экинчи гол биз үчүн абдан маанилүү болчу. Чындыгында биздин команданын күйөрмандары оюндун аягына чейин колдоп, дем-күч берип турушту. Биздин жаныбызда Филиппиндин күйөрмандарынын үнү дагы угулган жок.

Дубайдагы Кыргыз жарандарына ыраазымын. Кыргыздар бир болсок, баарын жеңерибизге ишендим. Командада 11 оюнчу болсо, 12-оюнчу күйөрмандар болду".


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
17.01.2019. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар . Рахмат колдогонунарга. Бирге болсок жениш бизде .
18.01.2019. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лайк!)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: