super.kg logo

"Ала-Тоо" аянтындагы митингде милиция тарабынан кармалган журналист бошотулду

 

Бүгүн, 17-январда "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз жеринде мыйзамсыз жүргөн Кытай жарандарына каршы өтүп жаткан митингде милиция кызматкерлери журналистти кармап кеткени маалымдалган. Кийин белгилүү болгондой, тартип сакчылары тарабынан кармалып, автобуска салынып кеткен журналист "Некст ТВ" каналында иштейт.

Ал журналист аянтта оператор менен чогуу иштеп жүргөн. Бул учурда милиция журналистти кармап кетип, оператор аянтта калган. Аталган каналдын журналисттеринин бири SUPER.KG'ге журналист кайра коё берилгенин билдирди.

"Биздин кабарчы окуяны жеринен телефонго түз алып көрсөтүп жаткан болчу. Милиция аны кармап кеткенде ал маалымат каражаттарынын өкүлү экендигин бир нече жолу кайталады. Бирок эч ким ага көңүл бурган жок. Кийин биз милицияга кайрылып, кабарчы бошотулду. Биз азыр милиция аны кандай негизде кармаганын тактап жатабыз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: