super.kg logo
  Саясат  

"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-июлда “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзамды Жогорку Кеңеш 30-майда кабыл алган. Киргизилген толуктоолорго ылайык, жаран өзүнүн электрондук кайрылуусунда милдеттүү түрдө электрондук кайрылуусун жөнөтүп жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышын, же тиешелүү кызмат адамынын фамилиясын, атын, атасынын атын, ошондой эле өз фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), байланыш телефонун (үйдүкүн, мобилдүү же ишинин), жашаган дарегин көргөзөт, кайрылуунун ток этер жерин жазат. Электрондук кайрылууда аталган маалыматтар жок болсо мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кайрылууну карабай койгонго укуктуу. Мындан тышкары мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же кызмат адамына келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууларды кароонун мөөнөттөрү 30 күндөн 14 күнгө чейин кыскартылат. Мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: