super.kg logo
  Саясат  

Укук коргоочу Динара Ошурахунова: "Кийим-кече парламентке кирүүгө тоскоолдуктарды жаратып калды, демек, аны жокко чыгаруу эле туура"

 
Кечээ, 16-январда депутат Алмазбек Токторов Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду "Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз" деп сынга алган. Вице-спикер Мирлан Бакиров бул сындан кийин "бул жер базарбы?" деп Тынысовду жыйындан чыгарып салган.
SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин жасай турган жумушу чиновниктерди дресс-коддон өткөрүүбү?" деген соболуна укук коргоочу Динара Ошурахунова жооп берди.

Укук коргоочу мындай окуялар көп эле жолу кайталанганын билдирди.

“Жогорку Кеңеште кечээ болгон окуя чоң резонанс жаратып, карапайым калкты нааразы кылды. Келген адамдардын кийимине тийишип, сырткы кебетесин басмырлап, эч кандай жашоону жакшыртууга аракет жасабай жатышат деген нааразычылык чыкты. Бул кечээ болгон окуядан кийин башталган жок. Ооба, дресс-код болушу керек, бирок элдин баары ал жакка ич кийимчен же халатчан барып жаткан жок да. Ал жерге элдер маселени чечүү максатында кайрылышат. Сырткы келбетке эмес, ал адам айтып келген маселеге көңүл буруу зарыл. Акыркы учурларда кийим-кече парламентке кирүүгө тоскоолдуктарды жаратып калды, демек, аны жокко чыгаруу эле туура”, - дейт Ошурахунова.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, журналист Дмитрий Ложников, экс-депутат Жылдызкан Жолдошева, жарандык активист Айбек Мырза, активист Улан Үсөйүн жана медиа эксперт Азамат Тынаевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: