super.kg logo

Бишкекте күч менен таратылган митингден сүрөттөр

 
Коопсуздукту камсыздоо үчүн аянтка 8 автобус милиция кызматкери келди
"Элдик көзөмөл" кыймылын түзүп, бийликке 8 талап коюшту
Чогулгандар митинг болуп жаткан жерге Жогорку Кеңештин депутаттарын жана өкмөт өкүлдөрүн келүүнү талап кылышты. Бирок бир дагы депутат алардын жанына басып келген жок
Митинг башталганда 200гө жакын адам келсе, кийин алардын катарына кошулгандардын саны өстү
Милиция менен митингчилердин ортосунда түшүнбөстүк чыкты
Жаштардын демилгесине көз салган аксакалдар
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келди
Митингчилерди жолго чыгарбоо талабы
Митингге аймактардан да келип катышышты
Митинг өткөрүүгө Бишкек мэриясы 13:00гө чейин гана уруксат бергенине карабай кетпей турушту
Милиция кызматкерлери митингчилердин айрымдарын кармап калганын кууп жиберди
Милиция күч колдонду
Кармалгандар 3 миң сомдон айыпка жыгылышты

Бүгүн, 17-январда Бишкекте мыйзамсыз миграция маселесине байланышкан митинг өттү. Митингдин башталышында 200гө жетпеген киши чогулса, 5 саат аралыгында алардын саны миңге чукулдады.

Алар алгач бийликке жана Жогорку Кеңешке этникалык кыргыздардан башка чет элдиктерге Кыргыз жарандыгын берүүгө мораторий киргизүү, Кыргыз жеринде мыйзамсыз иштеп жүргөн Кытай жарандарын өлкөдөн чыгаруу талабын коюп башташкан. Бирок чогулгандар сүйлөгөндөн кийин талаптардын тизмеси кеңейтилди. Андан кийин коюлган талаптар боюнча 5 адамдан турган топ Жогорку Кеңешке кирип, вице-спикер Мирлан Бакиров менен жолугушуп чыгышты.

Тилекке каршы, Жогорку Кеңешке кирип чыккандардын алып чыккан жообуна анда тургандар канааттанбай, "Ак Үйгө барабыз" деп чуу чыгарышты. Коомдук коопсуздукту камсыз кылып турган милиция кызматкерлери алардын айрымдарын кармап, калгандарын таратып жиберди.

Кармалгандардын саны 21ге жетип, алар Биринчи Май райондук милиция бөлүмүндө 4 саатка чукул убакыт болушту. Ар бири түшүнүк кат жазып, толтурулган токтомдун негизинде 3 миң сомдон айып төлөөгө милдеттендирилди.


кошулду





Аянттагы митингдин бийиктиктен көрүнүшү 17.01.2019.

Митингге чыккандар күчкө салып кармалды

Милиция менен митингчилердин ортосунда түшүнбөстүк чыкты

Митингде милиция тарабынан кармалгандардын бири

Митингде кармалган жаран чыкты.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
17.01.2019. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жеп жутарлар элдин унун уксу да келбейт аларга болгон нерсени кытайга сатып анан оздору акырында качып же оруп калып кутулушат.
18.01.2019. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми эле депутаттык шайлоо келе жатат ошондо да силер чакырса уйунордон чыкпай койгула депутаттарга.
18.01.2019. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бизде чыкпайт го дайым эле бийликтегилер,көнүк адат. Милицияны зордуктап кармашты деген деле туура эмес,алар деле приказ аткарат. Тем более мэрия саат 13:00гө чейин уруксат беришсе,тарашыш керек болчу законду сыйлаганды билишсе митингчилер!!! А так бийликтегилер чыкпаганы өздөрүнүн шайлоочуларын сыйлабаганы,это уже отдельная тема!!!
18.01.2019. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Унду укканда эмне кылыш керек эле,кытайга согуш ачыш керекби? Кытайлар каптап атат бир эле бизди эмес,океандын ары жагын дагы каптап атат.Башка маселе калбай калнансып.
18.01.2019. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыргыздар деле Москвада озунун айылында жургондой эле кутуруп журушпойбу.Муну "глобализация"дейт,мындан качып кутула албайбыз.
18.01.2019. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура кылат закон баарына бирдей эшек жайлоодо жургондой бийликтен умуттонбой тиргилигинерди кылгылада ары
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: