Жогорку Кеңештин депутаттары кытайлар маселеси боюнча эч кандай чечим кабыл алышкан жок
Бүгүн, 17-январда Бишкектин борбордук аянтында митинг өтүп, анда мыйзамсыз иштеп жаткан кытайлар, социалдык көйгөйлөр, айып пулдар боюнча маселе көтөрүлдү. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин жыйынында өкмөттүн атайын маалыматын угуп, суроолорду беришти. Бирок жыйынтыгында аталган маселелер боюнча эч кандай чечим кабыл алынган жок.
Төрага Дастанбек Жумабеков митингге чыккандардын өкүлдөрүн анын орун басары Мирлан Бакиров кабыл алып, талаптарын укканын айтып, өкмөт тиешелүү чараларды көрөрүнө ишенерин билдирди.
"Жетиштүү маалыматты өкмөт берди. Депутаттар элдин суроолорун аларга беришти. Бул жерде айтылгандардын баары чындык. Алдыда көп иштер бар. Депутаттардын айткандарын аткарыш керек. Кыргыз өлкөсүнүн тырмактай жери да башка мамлекетке берилбейт. Бербейбиз", - деди Жумабеков.
Төрага митингчилер расмий кайрылуу менен келбегенин кошумчалады.


