super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Азия Кубогунун плей-офф баскычына өткөн бардык командалар аныкталды (тизме)

 

Футбол боюнча Азия Кубогунун плей-офф баскычына чыккан бардык командалар аныкталды. Анда 17-январда Бириккен Араб Эмираттарында тайпалык баскычтын соңку беттештери орун алган. Бул күнү мелдештин "Е" жана "F" тайпаларынын оюндары өттү.

"Е" тайпасында Сауд Арабиясы менен Катар жана Ливан менен Түндүк Кореянын курама командаларынын беттештери өттү. Катар курамасы Сауд Арабиясынын дарбазасына 2 гол киргизип жеңишке жетсе, Ливан курамасы 4:1 эсебинде Түндүк Кореяны жеңип алды.

"F" тайпасында Япония-Өзбекстан менен Оман-Түркмөнстан беттештери өттү. Япония командасы Өзбекстанды 2:1 эсебинде утуп алса, Оман курамасы Түркмөнстанды 3:1 эсебинде утту.

Муну менен Азия Кубогунун тайпалык баскычы жыйынтыкталып, жарым чейрек финалга өткөн бардык командалар аныкталды. Белгилүү болгондой, мелдештин 1/8 финалына ар бир тайпадан 1-2-орунду ээлеген жана 3-орунду ээлеген 4 курама команда өттү.

Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунда "С" тайпасында жайгашкан. Кыргыз футболчулары Кытай менен ойноп 1:2 эсебинде жеңилип, 2-турда Түштүк Кореяга 0:1 эсебинде утулуп калган. 3-турда футболчуларыбыз Филиппин курама командасы менен беттешип, 3:1 эсебинде утуп алышкан. Бул беттеште 3 голду тең Виталий Люкс киргизип, өзүн мыкты көрсөттү.

Кийинки беттешти Кыргыз улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасына каршы өткөрөт. Беттеш 21-январда Абу-Даби шаарындагы "Зайед спорт сити" стадионунда орун алат.

Ошентип футбол боюнча Азия Кубогунун жарым чейрек финалына төмөнкү командалар өттү:

  • "А" тайпасы:
    • 1-орундан: Бириккен Араб Эмираттары - 5 упай (киргизген голдордун саны - 5);
    • 2-орундан: Таиланд - 4 упай (киргизген голдордун саны - 4);
    • 3-орундан: Бахрейн - 4 упай (киргизген голдордун саны - 3);
  • "В" тайпасы:
    • 1-орундан: Иордания - 7 упай (киргизген голдордун саны - 3);
    • 2-орундан: Австралия - 6 упай (киргизген голдордун саны - 6);
  • "С" тайпасы:
    • 1-орундан: Түштүк Корея - 9 упай (киргизген голдордун саны - 4);
    • 2-орундан: Кытай - 6 упай (киргизген голдордун саны - 5);
    • 3-орундан: Кыргыз өлкөсү - 3 упай (киргизген голдордун саны - 4);
  • "D" тайпасы:
    • 1-орундан: Иран - 7 упай (киргизген голдордун саны - 7);
    • 2-орундан: Ирак - 7 упай (киргизген голдордун саны - 6);
    • 3-орундан: Вьетнам - 3 упай (киргизген голдордун саны - 4);
  • "Е" тайпасы:
    • 1-орундан: Катар - 9 упай (киргизген голдордун саны - 10);
    • 2-орундан: Сауд Арабиясы - 6 упай(киргизген голдордун саны - 6);
  • "F" тайпасы:
    • 1-орундан: Япония - 9 упай (киргизген голдордун саны - 6);
    • 2-орундан: Өзбекстан - 6 упай (киргизген голдордун саны - 7);
    • 3-орундан: Оман - 3 упай (киргизген голдордун саны - 4);

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(15)
18.01.2019. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким менен ойнойт ошонуда жазсанар жакшы болот еле админ баардык команданы.
18.01.2019. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yryss0001,БАЕ олкосуно тушобуз, аларды утсак 1/4то Австралия-Озбекстан утканына тушобуз.. Аларды да утуп алсак жарым финалда ойнойбуз.
18.01.2019. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Michelangelo,Австралия-Япония
18.01.2019. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aslan_akjol89,Япония-Саудия
18.01.2019. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aslan_akjol89, Азия кубогунун официальный сайтына кирип көр! Атаандаштар белгилүү болгон уже.
18.01.2019. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ливан Туштук Кореяны эмес тундук Кореяны женди ,ушул спорт жанылыктарында кайсыл журналист олтурат коп учурда ката жазат ,Ливан Туштук Кореяны тушундо да мындай счёт менен жене албайт
18.01.2019. 06:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качан болот эми
18.01.2019. 07:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казахстан эмне болду?
18.01.2019. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kyrgyzstan_93,сен жашоодон артта калган окшойсун алар жок кошулган эмес
18.01.2019. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Muratmipa,Эмнеге кошулбады
19.01.2019. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kechirmeni,даражасы бийик. Лига Европада ойноп атат го коро элексинби
18.01.2019. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
kyrgyzstan_93, Казакстан Европа континентинде ойнойт
18.01.2019. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Казак,Тажик уктады.Алга АК шумкарлар!
18.01.2019. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алгааа ак шумкарлар! Силер менен сыймыктанам, мактанам.
18.01.2019. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргызстан!! Филиппинге 3чу голду урганда ишенбей козумо жаш келди биздин футбол европын денгелине жетип калды молодец тренер тотальный футболду колдонуп жатат. 2004-2012жылдары кыргыз футболу кочо футболуна окшош эле азыр башкача,коргун келет коргон сайын алга Кыргызстан.........
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: