Азия Кубогу: Жарым чейрек финалда кайсы командалар беттешет? Оюндардын тизмеси жана убактысы
17-январда Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун тайпалык баскычы жыйынтыкталды. Анда плей-офф баскычына чыккан командалар аныкталып, командалардын жарым чейрек финалдагы атаандаштары белгилүү болду.
Тайпалык баскычтын жыйынтыгында плей-офф баскычына төмөнкү командалар өткөн:
- "А" тайпасынан: Бириккен Араб Эмираттары, Таиланд, Бахрейн;
- "В" тайпасынан: Иордания, Австралия;
- "С" тайпасынан: Түштүк Корея, Кытай, Кыргыз өлкөсү;
- "D" тайпасынан: Иран, Ирак, Вьетнам;
- "Е" тайпасынан: Катар, Сауд Арабиясы;
- "F" тайпасынан: Япония, Өзбекстан, Оман.
Футбол боюнча Азия Кубогунун жарым чейрек финалдык баскычы 20-январда башталып, 22-январда жыйынтыкталат.
20-январь:
Иордания-Вьетнам
Плей-оффтун алгачкы беттешинде Иордания менен Вьетнам командалары кез келишет. Оюн Дубай шаарындагы "Рашид" стадионунда болуп, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.
Таиланд-Кытай
Аль-Айн шаарында бул күндүн 2-беттеши өтөт. Анда "Хазза бин Зайед" стадионунда Таиланд менен Кытай курама командаларынын тиреши болот. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.
Иран-Оман
20-январь күнү боло турган акыркы беттеш Иран менен Оман курама командаларынын ортосунда болот. Беттеш Абу-Даби шаарындагы "Мохаммед бин Зайед" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.
21-январь:
Япония-Сауд Арабиясы
Жарым чейрек финалдык беттештердин 2-күнү Япония-Сауд Арабия беттеши менен башталат. Анда командалар Шаржа шаарындагы борбордук стадиондо күч сынашат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.
Австралия-Өзбекстан
БАЭнин Аль-Айн шаарында Австралия менен Өзбекстан курама командалары кездешет. Беттеш "Халифи бин Зайед" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.
БАЭ-Кыргыз өлкөсү
Биздин улуттук курама командабыз талаа ээлери Бириккен Араб Эмираттары менен беттешет. Оюн "Зайед спорт сити" стадионунда орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө старт алат.
22-январь:
Түштүк Корея-Бахрейн
Жарым чейрек финалдын акыркы беттештери 22-январда өтөт. Анда алгач Түштүк Корея менен Бахрейн курама командалары беттешет. Дубай шаарындагы "Рашид" стадионунда өтө турган беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.
Катар-Ирак
Азия Кубогунун 1/8 финалы Катар-Ирак командаларынын беттеши менен аяктайт. Алар Абу-Даби шаарындагы "Аль-Нахайян" стадионунда күч сынашат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө старт алат.
кошулду












1 |