39 адамдын өмүрүн алган Орусиядагы жарылууну "Ислам мамлекети" террордук тобу моюнуна алды

Маалыматка караганда, аталган билдирүүнү SITE Intelligence Group уюму тараткан. Бирок Орусиянын органдары бул кырсык газ жарылуусунан келип чыккан деген версияны карманууда.
Магнитогорск шаарында 31-декабрь күнү таңкы саат 6:00дө көп кабаттуу үйлөрдүн биринен газ түтүгү жарылып, жыйынтыгында 35 батир толугу менен урап түшкөн. Дагы 10 батир жарым-жартылай кыйраган. Кырсыктын кесепетинен 39 адам каза болгон. Кырсык болгон күнү баланын ата-энеси качып чыгууга үлгүрүшкөн, бирок керебетте жаткан баласын чыгара алышкан эмес. 1-январь күнү кечинде иштеп жаткан техникалардын баары убактылуу өчүрүлгөн учурда баланын ыйлаган үнү угулган. Куткаруучулар үн чыккан жердеги урандылардын алдынан 11 айлык Ваня Фокинди табышкан. Анын оң жамбашы сынып, сол бутунун тизесине чейин үшүк алган. Ошол күнү сыртта 26 градус суук болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
2

Байкуштар...