super.kg logo

Чүй облусунун 54 жаштагы тургуну дайынсыз болуп изделүүдө

 

Чүй облусунун 54 жаштагы тургуну Пичулист Наталья Владимировна дайынсыз болуп жатканын облустук милициядан кабарлашты. Маалым болгондой, ал 7-январь күнү саат 22:00 чамаларында Аламүдүн районундагы үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон кайрылып келген эмес.

Дайынсыз болуп жаткан адамдын туугандары милицияга кайрылып, учурда издөө иштери жүрүп жатат.

Пичулист Наталья Владимировнанын бою 160-165 сантиметр, чачы кара, кой көз, кырдач мурун. Үйдөн чыгып бараткан учурда башында көк түстөгү топу, үстүнө күрөң түстөгү күрмө, ачык түстөгү шым, бутунда кара түстөгү кепич болгон.

Өзгөчө белгилери: эки бутунун тизесинин ылдый жагында операциядан калган тырыктары бар.

Эгерде сүрөттөгү адамды көрүп-билгендер болсо, 0(312) 36-35-27, 36-35-23, 0550 51 09 05, 0704 31 25 05, 0550 34 33 63 телефон номурларына же 102ге чалып кабарлап койсоңуздар болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: