super.kg logo

Чүй районундагы үйлөрдүн биринен денесинде жаракаты бар бала ооруканага жеткирилди

 

Чүй районундагы үйлөрдүн биринен денесинде жаракаты бар бала табылып, ал ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупованын айтымында, денесинен жаракат алган бала милиция кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынган учурда аныкталды.

"11-январь күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен райондун аймагында рейд жүргүзүшкөн. Рейд өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана оор шартта жашаган жаш өспүрүмдөрдү аныктоо максатында уюштурулган. Анда Чүй районунун Кара-Дөбө айылында бир үй-бүлөдө денесинен жаракат алган 2015-жылы туулган Ж.Б. аттуу бала аныкталып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда наристе медициналык жардам алууда", - деди Нусупова.

Териштирүү учурунда үч жашар бала 31 жаштагы апасы жана 55 жаштагы таенеси менен жашагандыгы белгилүү болгон.

"Бул окуя боюнча топтолгон материалдар райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясына жөнөтүлгөн. Баланын энеси жана таенеси медициналык мекемелердин биринде каттоодо турат деген маалымат тергөө кызматы тарабынан текшерилүүдө. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө", - деп кошумчалады Нусупова.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
19.01.2019. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биз апабыздан токмок жеп чонойдук олбой эле,суу чыбык менен айда токмок жечубуз тентек кылганда. Анча мынча баланы какыс-кукус кылып тарбиялап койсо эч нерсе болбойт. Албетте айоосуз уруп бир жерин жаракат кылуу эмес. Ата эне токмогу эмес мектептен агай эжекелер деле укаска менен уруп коюшчу айрыкча эркек балдар коп жешчу. Эч ким арызданбай эле тартиптуу болуп мугалимдерди сыйлап турчук. Кочонун башынан мугалим корунсо ойноп жаткан жерибизден житип кетчубуз. Азыркылар жоолоп отушот.
19.01.2019. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энеси болушчаактын кызы ыйлак деген заман болду.
19.01.2019. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун апасы олтурбосо керек
19.01.2019. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы жашоо мурунку заман эмес, тарбиялоодо обязательно уруш керек эмес, соз менен айтып тушундуруш керек. 2-3 жаштагы балдар эч нерсе тушунбойт, тарбиялайм деп олтуруп атышат. Же кыргыздар жестокий калк болуп калганбызбы, билбейм. Мен балдарымды башка метод менен, тушундуруу жолу менен тарбиялайм буйруса.
21.01.2019. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура эле иш жасашкан.Азыркы учурда жер жерлерге социалдык ишкерлерди болуп балдарды каттуу козомолго албаса болбойт.Кун алыс наристелердин кордолушуна коз жумуп олтурсак келечек муундун тарбиясы эмнеге айланат.Жарааты бар баланы доктурга алып барбай олтурган болсо даарылатып беришет анын эмнеси жаман.
21.01.2019. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mira28,ой минус басылып кетти, плюс басам дедим эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: