super.kg logo

Мексикада тургундар күйүүчү май уурдап жатканда түтүк жарылып, анын кесепетинен 71 адам каза болду

 

Мексикада тургундар күйүүчү май уурдап жатканда түтүк жарылып, андан каза болгондордун саны 71ге жетти. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, жарылуунун кесепетинен дагы 76 киши ар кандай жаракат алган.

Маалым болгондой, 18-январда Мексиканын Идальго штатынын 350гө жакын жергиликтүү тургундары Туспан-Тула түтүгүн кесип, андан күйүүчү майды уурдап жатканда түтүк жарылып кеткен. Кырсыктан 21 адам каза болгон. Бүгүнкү күндө каза болгондордун саны 71ге жеткенин Идальго штатынын губернатору Омар Файяд маалымдаган.

"Жарылуунун кесепетинен түрдүү жаракат алгандардын арасында 12 жаштагы өспүрүм жана 18 жаштагы 7 бала болгон. Жаракат алган 76 адамдын айрымдарынын абалы өтө оор", - деп билдирген губернатор.

Жыл башында Мексиканын жаңы өкмөтү бензин уурдагандарга каршы стратегия иштеп чыккан. Анда түтүктөр аркылуу мыйзамсыз кесилген аймактарга күйүүчү майды жөнөтүү токтотулуп, аны цистерналар менен ташууга өткөн. Ошондой эле мунайды кайра иштеткен бардык заводдор менен стратегиялык объектилердин ташуу ишине аскер күчтөрү тартылган. Мунун айынан бензин жеткирүү ишинде тоскоолдуктар пайда болуп, май куюучу жайларда узун кезек жаралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: