super.kg logo
  Спорт  

Александр Крестинин: "Эртең кызыктуу беттеш болот жана биз атаандашыбызды таң калтырабыз"

 

Эртең Бириккен Араб Эмираттарында Азия Кубогунун жарым чейрек финалынын алкагында БАЭ-Кыргыз беттеши орун алат. Бүгүн, 20-январда Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат-жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анда Александр Крестинин төмөнкүлөрдү айтты:

- Кыргыз жана БАЭ курама командаларын плей-офф баскычына чыгышы менен куттуктайм. Эми катага чейинки кызыктуу жана жоопкерчиликтүү беттештер башталды. Дагы бир жолу кайталап кетейин, биз бул жерде ушундай жогорку оюндарды өткөрүү үчүн жүрөбүз. Эртең бизди кызыктуу оюн күтүп жатат, атаандашыбызды таң калтырабыз.

БАЭнин машыктыруучусу Кыргыз курамасынын оюн стили орусиялыктарга окшош деп айтты. Бул тууралуу эмне деп айта аласыз?

- Орус стили кандай экени өзүм үчүн кызыктуу болуп жатат. Мындайды биринчи жолу угуп жатам. Мен өзүмдү кандай бир стилге кошпойм. Биз коргонууда жана чабуулда жакшы ойноп, ийгиликтерге жетүүгө аракеттенебиз.

Мелдештин ээлери менен ойноо биз үчүн оор болобу?

- Бул боюнча алгач статистикага көңүл буруп койсок болот. Көп жылдардан бери Австралиядан башка талаа ээлери мелдештерде жеңишке жетип көрө элек. Алар өз талаасында Азия Кубогун жеңип алышкан. Албетте, алардын жеңип алуусуна күйөрмандарынын жана стадионунун жардамы чоң. Ошол эле учурда биз үчүн дагы Кыргыз күйөрмандардын колдоосу абдан керек.

Кыргыз курама командасы бул мелдеште плей-офф баскычына чыгып, алдын ала коюлган маселени аткарды. Бул кыргыз футболчулары үчүн артыкчылык болобу же чейрек финалга чыгыш керек деген басым болобу?

- Биз алдын ала коюлган маселенин бир бөлүгүн гана аткардык. Тайпалык баскычтан чыгыш биз үчүн биринчи маселе болчу, эми кийинки маселе бул чейрек финалга чыгыш керек. Биз чейрек финалга чыгыш үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Мелдештин алдында футболчулар машыгуу жыйындарды өткөрүп даярданган. Азыр алар эң жакшы абалында деп айтса болот. Биз муну колдонушубуз керек. Чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн коё бербешибиз зарыл. Бардыгы болушу мүмкүн.

Филиппин курамасын жеңгенден кийин Бишкекте күйөрмандар жеңишти майрамдаган. Буга кыргыз футболчулардын реакциясы кандай болду?

- Биз, албетте, өлкөбүздө эмне болуп жатканын билебиз. Бул биздин биримдик бар экенин далилдейт. Кыргыз элине жакшы маанай алып келгенибиз менен кубанып жатабыз жана эртеңки беттештин алдында кыргыз элинин колдоосу бизге күч-кубат берип жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(16)
20.01.2019. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Оюн бугунбу
20.01.2019. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эртеге
20.01.2019. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Атаандашты эле эмес дуйнону тан калтырасынар АК ШУМКАРЛАР
20.01.2019. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Канча кыргыз умут артып турганын да эсинерден чыгарбагыла)
Ар бир оюнунарды кубануу менен коруп, силерге ишенип турган кези...
Ийгилик!!!!
20.01.2019. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Молодец Александр Крестининдин эмгеги тоодой
20.01.2019. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ийгилик коштосун биздин кабылан,шумкарларыбызды!Амин!
20.01.2019. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эртең 23.00 дө жеңишке карай умтулгула. Буюрса жеңебиз арабтарды
20.01.2019. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Менде интуиция жениш эле боло тургансып атат.ийгилик жигиттер.эртен туну менен майрам болот женгиле ылайым
20.01.2019. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Буюрса жеңет биздикилер. Мен ишеним менен айтватам
20.01.2019. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Тушумдо эки нолго женип алыптырбыз. Буюрса женебиз. Алга ак шумкарлар! Аллахым колдосун! 2-0
23.01.2019. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aibek8992,тушуно к м
20.01.2019. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женип тан калтыргыла да анан, женилип эмес.
Кыргызстан алга
20.01.2019. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айтканыныз келсин Александр!Алга Ак-Шумкарлар!Женишке жетели эртен!
20.01.2019. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Досторум дуба кылайлы,дуба эн чон куралыбыз биздин,келгиле дубада болойлу
20.01.2019. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ак шумкарларга ийгилик каалайбыз. Люкстун досу дагы түш көрүп койсо экен
20.01.2019. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ин шаа Аллах буюрса женебиз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: