super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Эрнист Батырканов: "Плей-оффто ар бир беттеш маанилүү, мүмкүн бул беттеш карьерамдагы эң мыкты болот"

 

Бүгүн, 20-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы БАЭ курамына каршы беттештин алдында машыгууларды өткөрдү. Машыгуулардан кийин биз Эрнист Батырканов менен кыска маек курдук.

Командада БАЭ менен беттештин алдындагы маанай кандай?

- Командадагы бардык оюнчулардын маанайы жакшы. Бизде бардыгы сонун, бардыгы күлүп, жылмайып жүрүшөт. Кийин беттешке даярдык көрүп жатабыз, бардыгы жакшы болот деп ойлойм.

Кийинки беттеште ойнойм деген сезимдериң барбы?

- Мындай сезимдер ар бир беттештин алдында боло берет. Мен дайым оюнга чыгам деп күтөм.

Бул беттеш сенин карьераңдагы эң маанилүү оюн болобу?

- Ооба, албетте ошондой болот. Плей-оффто ар бир беттеш маанилүү, мүмкүн бул беттеш менин карьерамдагы эң мыкты болот.

Сен Азия Кубогунда дебют жасадың, сезимдериң кандай болду?

- Мен Кытайга каршы беттешке чыккам. Мага оюнду сактап калууга белгиленген убакыт бөлүнгөн. Мен бул маселени чечүүгө үлгүрбөй калдым. Эми ал беттеш артта калды, биз азыр плей-офф баскычындабыз. Мага талаага чыгууга канча убакыт бербесин мен дайым командама жардам берүүгө аракет жасайм.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: