super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 21-ЯНВАРЬ: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев 63 жашка толду

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев 1956-жылы 21-январда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган.

Ал 1977-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика мугалими адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүргөн.
1983-1986-жылдары Тарту (Эстония) мамлекеттик университетинин аспирантурасында күндүзгү бөлүмдө окуган.
Эмгек жолун 1977-жылы Ош облусунун Совет районуна караштуу Свердлов орто мектебинин физика мугалими болуп баштаган.
- 1979-1992-жылдары ОшМУнун физика-математика факультетинин лаборанты, лаборатория башчысы, окутуучу, доценти;
- 1992-1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин физика-техникалык факультетинин жарым өткөргүчтөр жана диэлектриктер физикасы кафедрасынын доценти;
- 1994-2002-жылдары “Дастан” технологиялык университетин түзгөн жана ректору;
- 1994-1999-жылдары Бишкек шаардык кеңешине Биринчи Май району боюнча атаандаштык негизде депутаты;
- 2002-2005-жылдары өкмөткө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун илим боюнча орун басары;
- 2005-2007-жылдары билим берүү, илим жана жаштар саясаты министринин орун басары;
- 2007-2008-жылдары билим берүү жана илим министри;
- 2008-жылы өкмөткө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты.
21-январга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: