Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 8 өрт кырсыгы катталып, Бишкектеги мейманканалардын биринен өрт чыкты
Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 1, Ысык-Көлдө 1 өрт кырсыгы катталган.
Бишкектин Ленин районундагы мейманканадан өрт чыгып, анын 150 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Өрттүн чыгуусуна электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.