super.kg logo

Тажикстанда тасмалардагы уяттуу эпизоддорду көрсөтүүгө тыюу салынды

 

Мындан ары Тажикстандын телеканалдарында тасмалардагы аял-эркектин жакын мамилесиндеги ачык эпизоддор көрсөтүлбөйт. Аталган өлкөнүн Телеберүү жана радиоуктуруу комитетинин төрагасынын орун басары Махмадшариф Бобозода мындай аракет бөтөн элдин маданиятын пропагандалоону токтотуп, улуттук баалуулуктарды сактап калууга арналганын айтканын бир катар жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Ага ылайык, эми мамлекеттик телеканалдар тасмаларды көрсөтүүдөн мурун анда төшөк мамилесинен тартылган кадрлар болсо монтаж аркылуу кесип салат. Буга чейин көрүүчүлөрдөн да бир нече ирет мындай сунуштар түшүп келген.

Бир жыл мурун "Тажикфильм" киностудиясы өлкө аймагындагы жергиликтүү телеканалдарга чет элдик жана өздөрүндө тартылган тасмалардан уяттуу эпизоддорду кесип салууну сунуштаган.

"Интимдик мамилени телеканал аркылуу көрсөтүү биздин маданиятка туура келбестигин моюнга алуу керек. Элестетип көрсөңүздөр, бир үй-бүлө фильм көрүп жатат, ошол учурда аял-эркектин ачык эпизоддору көрсөтүлсө, кыздар атасынан уялат да, атасына ыңгайсыздык жаралат", - деген Бобозода.

Ал эми бул аракеттерге каршы оюн тажик режиссёру Искандар Усмон айтып чыккан, анын пикиринде бул интеллектуалдык менчик жөнүндөгү мыйзамга каршы келет.

"Мындай иш-аракеттен эч кандай майнап чыкпайт. Советтер Союзу кезинде ушундай иш-аракеттер көрүлсө макул болмокмун. Азыр эмне интернетте төшөктөгү мамилелер ачык эле тартылган фильмдер толтура да", - деген Усмон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
21.01.2019. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз теле каналдарынада керек болчу
21.01.2019. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура кылат биздеда ошондой кылса жакшы болмок.
21.01.2019. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Интернеттен каалашынча коро беришет.
21.01.2019. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
nuri1,зато ата энеси мн спокойно отурат.
21.01.2019. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тажиктерде 30 Мбайт 60 сом
21.01.2019. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Миң тыюуу салганы менен эң ыплас иштер ушуларда болот.Өкеңдер экөөндө
21.01.2019. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошон учун ач калган желмогуздай болушат да, карысынан чонуна чейин ою бузук, орустарды агып калгыча карайт москвага келип алып)) Кудайга шугур кыргыздардын эркектери анчалык эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: