Аттар менен митингге чыккан цирк кызматкерлери талаптарын айтып, тарап кетишти







Бүгүн, 21-январда Кыргыз циркинин эмгек жамааты Ак Үй алдына митингге чыгышты. Алар бийликтен цирктин директорлугуна өздөрү сунуштап жаткан Аида Акматованы дайындап берүүсүн талап кылууда.
Акцияга чыккан цирктин кызматкерлери атайын формаларын кийип, оюн көргөзүүдө. Ошондой эле айрым эмгек жааматтын мүчөлөрү Ак Үйдүн алдына ат минип чыгышты. Бирок коопсуздукту камсыздаган милиция кызматкерлери ат минип турууга тыюу салгандыктан, алар артка кайтышты.
Цирктин артисти Клара Тажиеванын айтымында, директорлукка Аида Акматова гана татыктуу.
"Биздин чыгармачыл жамаат өзүбүз көрсөтүп жаткан талапкерди жетекчилик кызматка дайындап берүүсүн талап кылып жатабыз. Анткени улам эле бир талапкерди карап жатабыз деп директордун орду бир айдан бери бош турат. Эмнеге созулуп жатат? Үнүбүз бийликтегилерге жетсе экен деп Ак Үйдүн алдына чыктык.
Директордун ордуна цирктин "ашканасын" билген, маселелерин чече алган, цирк өнөрүнө жан дили менен берилген адам керек. Ал орунга Аида Акматова татыктуу", - деди Тажиева.
Мындай пикирди цирктин көркөм жетекчиси Кадырбек Тажиев дагы колдоп, буларга токтолду.
"Аида Акматова циркти ийне-жибине чейин билет. Бир нече ирет фестивалдарга барып, Гран-Прини жеңип келген. Ошондуктан циркке Аида Акматова гана жетекчи болушу кажет. Башка талапкерлер көп болуп жатат, бирок мен аларга көңүл бурбайм. Анткени бизге циркти жакшы билген, түшүнгөн адам керек. Биздин бир эле максатыбыз бар - ал өнүгүү", - дейт көркөм жетекчи.
Ал эми цирктеги аттарды багып иштеген Бегали Мурзалиев жаштарга орун берген туура экенин, Аида Акматовага карысы да, жашы да ишенип жатканын айтат.
"Биз айлабыз кеткенде митингге чыктык. Цирктеги жаныбарлар ачка, реквизиттерибиз даярдалбай калды. 14 жыл иштеп эч нерсе кылбай, Жогорку Кеңештин жыйынында мен баарын жасадым деген Исанаев ичип-жеп кетти. Мындан улам жаштарга орун берип, алдыга чыгарбасак болбой калды. Цирктин азыркы абалы кейиштүү, оңдоп кете турган жаштар керек. Аида Акматова 5 жыл Германияда иштеди, өзүнө-өзү жетекчи болду. Бардык ийгиликтерге өзүнүн күчү менен жетти. Ал ийгилик жаратып жатканда цирктин жетекчилиги уктап жаткан".
Кыргыз циркинин директорунун кызмат орду бир айдан бери бош турат. Мындан улам цирктин эмгек жамааты өздөрү көрсөткөн талапкерди жетекчи кызматына бекитип берүүсүн талап кылып митингге чыгары айтылган.
Митингге чыккан цирк артисти Клара Тажиева
Цирктин кызматкери Бегали Мурзалиев: "Аида Акматова ийгилик жаратып жатканда цирктин жетекчилиги уктап жаткан"







1 |