Митингге чыккан цирк кызматкерлери менен министр Азамат Жаманкулов жолугушту







Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов митингге чыккан цирктин жамаатын кабыл алып, алар менен жолугушуу өткөрдү. Кызматкерлер өз талабын айтып, Аида Акматова гана директор болушу керек деген пикирлерин ортого салышты.
Жолугушууда цирк кызматкери Данияр Өмүрбеков нааразычылыгын айтты.
"Биз, цирк кызматкерлери, тойго барып кызмат кылабыз. Бул биз үчүн уят. Биздин ордубуз тойдо эмес, сахнада. Тилекке каршы, кыргыз искусствосун даңазалап жүргөн кыздарыбыздын, жигиттерибиздин кийген формаларын көрдүңүздөрбү? Жадакалса кийим коюучу бөлмөдө шкаф жок. Ал эми мен отурган бөлмөдө терезенин ордуна фанера турат. Азамат Капарович, сиз бизге жардам бербесеңиз бизге эч ким жардам бербейт. Ал эми Аида Акматова тууралуу айтсам, мен аны кичине кезинен бери эле тааныйм. Ата-энеси өмүрүнүн акырына чейин циркте иштеген. Аида Акматованы баарыбыз колдойбуз. А эмнеге цирктин директорлугуна талапкерлерди карап жатканда, бизге келип "Силердин араңарда талапкер барбы, сунушуңар барбы?" деп сурап койгон жоксуңар? Биз отурабыз жетим балдардай болуп", - дейт ал.
Ал эми министр Азамат Жаманкулов жогорудагы талаптарды угуп, Аида Акматованын дагы талапкерлигин карай турганын билдирди.
"Цирктин дагы өзүнүн багыты бар. Ошого карата келем дегендер болду, тагыраагы, 2-3 талапкерлер болуп жатат. Алардын арасында Аида Акматова дагы бар. Мен анын цирктин директору болушуна каршы эмесмин. Болгону эртеңки күнү мыйзамсыз болуп калды деген кептер болбосун үчүн бардык талапкерлердин документтерин карап жатабыз. Учурда каралып жатат. Мен дагы силердей болуп Кыргыз циркине күйүп жатам. Мага цирктин абалын көрсөттүңүздөр. Ырасында эле цирктин абалын көрүп ыйлайт экенсиң, башка сөз жок. Бүгүнкү күндө цирктин абалын оңдоо биринчи максат. Мен сиздер мененмин. Азыркы тапта Аида Акматовадан тышкары директорлук кызматка Фархат Бекманбетов жана Светлана Ашированын талапкерлиги каралып жатат", - деди министр Жаманкулов.
кошулду
Цирк кызматкери Данияр Өмүрбеков нааразычылыгын билдирди
Министр Азамат Жаманкулов: "Мен дагы силердей болуп кыргыз циркине күйүп жатам"







1 |