super.kg logo

Бишкектеги 1 аялдын өмүрүн алган жол кырсыгына милиция кызматкеринин катыштыгы болгону айтылды

 

Бишкек шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталганы тууралуу маалыматты буга чейин ӨКМнын басма сөз кызматы тараткан.

Анда белгилүү болгондой, 21-январга караган түнү саат 00:35 чамаларда 7-апрель жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz жана Toyota Avensis үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгынын кесепетинен Toyota Avensis унаасынын жүргүнчүсү 1985-жылы туулган А.М.Б. аттуу аял каза болгон. Ал эми Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу 1993-жылы туулган М.Э.М. жана жүргүнчүсү 1993-жылы туулган Р.у.Э. ар түрдүү жаракаттарды алган. ӨКМнын куткаруучулары каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматкерлери алып кеткен.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу милиция кызматкери болгонун тастыкташты. Ал эми күбөлөрдүн жиберген видеолоруна караганда, рулда отурган айдоочунун милиция кызматкеринин формасын кийип жүргөнүн көрүүгө болот. Өздүк булактардын билдиргенине караганда, Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу, милиция кызматкери унаасы менен каршы тилкеге чыга койгон. Ал Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБинин кызматкери экени айтылды.

Ал эми каза болгон А.М.Б. аттуу аял ӨКМнын кызматкери экендиги айтылууда. Аталган министрликтин басма сөз кызматына чалганыбызда бул маалыматты тастыктаган да, четке каккан да жок.


кошулду





Бишкектеги жол кырсыгына милиция кызматкери себепкер болгон (сөгүнгөн сөздөр бар)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: