Парламент комитетинде ак калпакка маданий символдун статусун берүү мыйзам долбоору каралууда
Бүгүн, 21-январда парламент комитетинде "Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.
Мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Экмат Байпакбаев ак калпак аркылуу Кыргыз мамлекетинин атын чыгарууга боло турганын айтты. "Бул мыйзам долбоору боюнча коомчулуктан 15-20 кайрылуу түштү. Ак калпакка укук берүү зарыл. Биз Перуга ак калпак кийип барсак көптөр кызыгышты. Ак калпакка маданий символдун статусун берсек Кыргыз мамлекетинин аты чыгат. Жакынкы жылдары ак калпакты итке кийгизген жагымсыз окуя болуп кетти, бул социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланды. Ак калпакты ыйык пайдаланышыбыз керек", - дейт Байпакбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.