super.kg logo
  Спорт  

Азия Кубогу: Кыргыз курама командасы БАЭден жеңилип калды (хронология)

 

Бүгүн, 21-январда Бириккен Араб Эмираттарында Азия Кубогунун жарым чейрек финалындагы беттештер уланууда. Анда Абу-Даби шаарында Кыргыз улуттук курама командасы БАЭ курамасы менен кездешет.

Оюн "Зайед спорт сити" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат. Бул беттеште калыстык милдетти Фу Мингдин баштоосундагы кытайлык адистер алат. Беттешке Кыргыз улуттук курама командасы кызыл түстөгү футболка менен чыгат.

15:50. Беттеш өтө турган "Зайед спорт сити" стадиону жөнүндө айта кетсек, стадион 1979-жылы салынып бүтүп, 1980-жылы алгачкы иш-чара өткөрүлгөн. Ал 45 миңден ашуун көрүүчүнү батырып, буга чейин бир топ ири мелдештерди өткөрүп келген.

16:15. Бүгүн Азия футбол конфедерациясынын сайтында Кыргыз улуттук курама команданын оюнчусу Даниэл Тэгонун маеги жүктөлдү. Маекте футболчу төмөнкүлөрдү айтты:
- Мен Гана өлкөсүнөн болом. Менин атам падыша. Азыр Кыргыз өлкөсү менин экинчи мекеним деп айтам. Кайсы жакка барсам дагы Кыргыз өлкөсүнө кайтып баргым келе берет. Ганага барганда дагы Кыргыз өлкөсүн сагынам. Ал жакта мага бардыгы жагат, адамдары, тамак-ашы жана маданияты. Биз Азия Кубогунда ойноп жатканыбызга кубанычтабыз, анткени бул биз үчүн биринчи жолу болуп жатат. Биз Кытай жана Түштүк Кореяга жеңилип калдык, бирок бул эч нерсени түшүндүрбөйт. Кыргыз курамасынын ар бир оюнчусу плей-офф баскычында болушунча күчүн жумшайт.
16:50. 20-январда беттештин алдындагы маалымат жыйын өтүп, ага Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин катышкан. Крестинин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "эртең кызыктуу беттеш болот жана биз атаандашыбызды таң калтырабыз" деп айткан.
17:20. Кечээ Азия Кубогунун алгачкы жарым чейрек финалдык беттештери өткөн. Анда чейрек финалдык баскычка жолдомолорду Вьетнам, Кытай жана Иран курама командалары камсыздай алган.
Ал эми бүгүн Япония-Сауд Арабия, Австралия-Өзбекстан жана Кыргыз-БАЭ беттештери өтөт.
18:51. Шаржа шаарында орун алган Япония-Сауд Арабия беттеши 1:0 эсебинде аяктады. 20-мүнөттө япониялыктар эсепти ачып, Сауд Арабия курамасына гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Бул жеңиши менен Япония курама командасы мелдештин чейрек финалына чыгып, анда Вьетнам менен кездешет.
21:30. Алгачкы мүнөттөрдө чыга турган 11 кыргыз футболчунун тизмеси белгилүү болду.
  • Дарбазачы: Кутман Кадырбеков;
  • Коргоочулар: Валерий Кичин (капитан), Тамирлан Козубаев, Мустафа Юсупов;
  • Жарым коргоочулар: Бекжан Сагынбаев, Кайрат Жыргалбек уулу, Эдгар Бернхардт, Фархат Мусабеков, Ахлидин Исраилов;
  • Чабуулчулар: Мирлан Мурзаев менен Виталий Люкс.

21:45. Стадион оюнга даяр. Көрүүчүлөр акырындап өз орундарын ээлеп жатышат.

22:10. Кыргыз курама командасынын дарбазачылары оюн талаасына чыгып, беттеш алдындагы машыгууларды өткөрүүдө.

22:18. Ушул учурда 45 миң көрүүчүнү батыра алган стадиондо Кыргыз эстрадасынын ырчылары Бегиш жана Баястандын "Ак шумкар" аттуу чыгармасы жаңырып жатат.

22:25. Курамабыздын бардык футболчулары оюн талаасына чыгышты. Азыр алар машыгып беттешке даярдык көрүшөт.

22:40. Кыргыз курама командасы оюн талаасынан кийим алмаштыруучу жайга кетишти. Азыр Александр Крестинин курамга акыркы насаатын айтып, оюнга чыгышат.

22:50. Оюн талаасына Кыргыз менен БАЭ курама командаларынын жана АФКнын эмблемаларын алып чыгышты. Бир нече мүнөттөн кийин футболчулар чыгат.

22:53. Оюн талаасына эки мамлекеттин желеги, калыстар жана футболчулар чыкты. Оюн бир нече мүнөттөн кийин башталат.

22:55. Кыргыз өлкөсүнүн гимни жаңырды.

22:57. Бириккен Араб Эмираттарынын гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр болушту.

23:02. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш башталды. Топту оюнга алгачкы болуп БАЭ курамасы кошту.

23:03. Азырынча топ талаанын орто бөлүгүндө. БАЭ курамасы көбүрөөк топко ээ болуп жатат.

23:04. Атаандаштар оюндагы алгачкы чабуулду аткарды. Айып аянтчага көтөргөн БАЭнин футболчусу таамай болгон жок..

23:06. Козубаев, Кичин жана Кадырбеков 2-кабатта жакшы оюн көрсөтүп, атаандаштын чабуулун токтотуп коюшту.

23:08. Кайрат Жыргалбек уулу оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазы менен белгиленди.

23:09. БАЭ курамасы айып соккуну аткарып, Ахмед Мохаммеддин соккусу таамай болгон жок.

23:10. Кыргыз курамасынын оюнчусуна каршы эреже бузулду.

23:11. Ахлидин Исраилов айып соккуну аткарды. Анын чыгарып берүүсүнө Кыргыз курамасынын оюнчулары жетишкен жок.

23:12. Бекжан Сагынбаев Виталий Люкска топту чыгарып берген. Бирок Сагынбаевдин узаткан соккусу таамай болбой, Люкс топко жетпей калды.

23:13. Кичин БАЭ курамасынын кооптуу чабуулун токтотту, топ чийинден чыгып, БАЭ топту бурчтан чыгарат.

23:15. Гол! БАЭ курама командасы катары менен 2-жолу топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып, аны ийгиликтүү колдонуп кетти.

23:17. Виталий Люкс чабуулга чыгып, командасына бурчтан көтөрүү мүмкүнчүлүгүн алып келди.

23:18. Кыргыз курамасы бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн, тилекке каршы, колдоно алган жок.

23:19. Тамирлан Козубаев атаандаштын чабуулун токтотуп, топту талаадан сыртка чыгарып салды.

23:20. Кыргыз футболчулары атаандаштарынын дагы бир гол киргизүү мүмкүнчүлүгүн колдонгонго жол берген жок. Топ Кыргыз курамасында.

23:23. Кыргыз курама командасы чабуулга чыгып, ийгиликтүү сокку жарата алган жок.

23:24. Бекжан Сагынбаев оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазы менен белгиленди.

23:25. Кыргыз курамы чабуулга чыгып бара жатып топ Мирлан Мурзаевдин колуна тийип калды. Ошентип топ БАЭнин карамагына өттү.

23:27. ГО-О-О-О-Л! Мирлан Мурзаев атаандаштын айып аянтчасынан дарбазачыны жана 2 оюнчуну алдап өтүп эсепти тең кылды.

23:28. Мурзаев гол киргизген учурда БАЭнин оюнчусу жаракат алып калып, азырынча БАЭ курамасы 10 оюнчу менен ойноп жатат.

23:30. БАЭнин чабуулчусу Кадырбеков менен бетме-бет келип, бирок офсайд абалында болуп калган. Аны байкаган калыс ышкырып, чабуулду токтотту.

23:31. БАЭ курамасынын жаракат алган оюнчусу беттешти уланта албай калды. Машыктыруучу аны алмаштырып койду.

23:32. Кичин атаандашы менен түртүшүп топту оюн талаасынан чыгарып салды. БАЭ курамасы топту бурчтан чыгарат.

23:33. Кыргыз коргоочулар мыкты ойноп, атаандаштын чабуулун токтотуп топко ээ болушту.

23:35. БАЭ курамасы кайрадан топту өзүнүн карамагына өткөрүп алды, бирок Кыргыз курамасы топту алууга аракеттенүүдө.

23:37. Стадиондогу кыргыз күйөрмандары тууралуу айта кетсек, стадиондо Кыргыз күйөрмандары бар, алар 3 сектордо орун алышып, Кыргыз курама командасын мыкты колдоп жатышат.

23:38. Мустафа Юсупов талаанын оң бурчунан чабуулга чыгып, командасына бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.

23:39. Тилекке каршы, Кыргыз курамасы бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн колдоно албай калды.

23:40. БАЭ курама командасынын капитаны алыскы аралыктан Кадырбековдун дарбазасына сокку узатты. Бактыга жараша, топ дарбазадан жогору өтүп кетти.

23:41. Кайрадан БАЭ курама командасынын чабуулун калыс токтотууда. БАЭнин оюнчусу офсайд абалында.

23:43. Кыргыз футболчулар акырындан атаандаштын аянтчасына жакындап бара жатат. Юсупов топту ауттан чыгарат.

23:44. Кыргыз курамасынын оюнчулары атаандаштын айып аянтчасынан оюн эрежесин бузушту. Топ БАЭге өттү.

23:45. Виталий Люкс офсайд абалында болуп калды. Ага Кайрат Жыргалбек уулу топту өткөргөн.

23:46. Беттештин 1-таймы аяктап калды. Калыс кошумча 1 мүнөт ойногонго берет.

23:47. Кыргыз футболчулары оюн эрежесин бузуп, БАЭ курама командасы ийгиликсиз айып сокку аткарды.

23:48. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аяктады.

00:04. Калыс 2-таймга старт берди. Топту оюнга Кыргыз курама командасы кошту.

00:05. Тамирлан Козубаев БАЭ курамасынын кооптуу чабуулун токтотуп койду. Топ кыргыз футболчулардын карамагына өтүп, алар чабуулга чыгышты.

00:07. Мирлан Мурзаев атаандашынан топту тартып алып чабуулга чыккан. Бирок калыс эреже бузуу орун алды деп чабуулду токтотуп койду.

00:08. Ахлидин Исраилов топту айып аянтчага чыгарып берген, топ Мурзаевге барып, бирок ал топко жетпей калды.

00:09. Кыргыз футболчусуна каршы эреже бузулду. Кыргыз курамы айып сокку аткарат.

00:10. Айып соккудан кыргыз курамасы натыйжа чыгара алган жок.

00:11. Валерий Кичин алыстан сокку узатып, топ дарбазанын таякчасына тийип калды.

00:14. БАЭ курамасы бир нече жолу чабуул жасаганга жетишти. Бирок Кыргыз курамасынын оюнчулары мыкты оюн көрсөтүп атаандашына мүмкүнчүлүк берген жок.

00:15. Бекжан Сагынбаев алыстан сокку узатып, ийгиликке жакын болду. Анын соккусун дарбазачы кайтарып, топ талаадан чыгып кетти. Кыргыз курамасы топту бурчтан чыгарат.

00:16. Кыргыз курама командасы биринчи мүмкүнчүлүгүн колдоно алган жок, бирок дагы бир мүмкүнчүлүк тапты.

00:18. Кайрат Жыргалбек уулу бурчтан көтөрүлгөн топту башы менен дарбазага багыттаган. Бирок, тилекке каршы, ал дарбазадан жогору өтүп кетти.

00:19. БАЭ курамасынын машыктыруучусу тактикалык алмаштыруу жасады.

00:21. Гол! БАЭ курама командасы эсепти 1:2 кылып кетти.

00:23. Кыргыз курама командасында алмашуу орун алды. Эдгар Бернхардттын ордуна оюнга Азиз Сыдыков кошулду.

00:25. Кичиндин дарбазачы менен бетме-бет келгенге мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок ал Люкстун пасын тосо албай калып, топту жоготту.

00:27. Тамирлан Козубаев айып аянтчанын чийининен сокку узатты, бирок ал, тилекке каршы, таамай сокку узата алган жок.

00:29. БАЭнин оюнчусу эреже бузуп, кыргыз курамасы айтып сокку аткарат.

00:30. Тамирлан Козубаев айып аянтчага чыгарылган топту, тилекке каршы, таамай багыттай албай койду.

00:31. Виталий Люкс коргонууда Кыргыз курамасына жардам берип, атаандаштын чабуулун токтотту.

00:32. БАЭ курамы гол киргизди, бирок калыс бул жерден офсайд абалын көрүп калган.

00:34. Кыргыз курама командасында алмашуу орун алды. Ахлидин Исраиловдун ордуна оюнга Турсунали Рустамов кошулду.

00:35. Мирлан Мурзаев чабуулда оюн эрежесин бузду. Топ азырынча БАЭ курамасында.

00:36. Мусабековго каршы оюн эрежеси бузулду. БАЭнин оюнчусу сары айып кагаз менен белгиленди.

00:37. Кыргыз курамасында алмашуу орун алды. Фархат Мусабековдун ордуна оюнга Антон Землянухин кошулду.

00:39. БАЭ курамасында алмашуу орун алды. Муну арабиялык күйөрмандар кол чабуу менен тосушту.

00:40. Рустамов оюн эрежесин бузду. Топ БАЭ курамасында.

00:41. Кыргыз курама командасы кезектеги чабуулун ийгиликтүү жыйынтыктай алган жок. Арабиялыктар топту жоготуп, Кыргыз курамы кайра чабуулга чыгууда.

00:45. Мирлан Мурзаев оюн эрежесин бузуп, сары кагаз менен белгиленди.

00:47. Мурзаевге каршы оюн эрежеси бузулду. Кыргыз курамы айып сокку аткарат.

00:48. Айып соккудан Кыргыз курамы бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн гана ала алды.

00:49. ГООООООЛ!!! 2:2.Рустамов эсепти тең кылды. Ал бурчтан чыгарылган топту башы менен дарбазага багыттап гол жаратты.

00:51. Беттештин 2-таймы аяктады. Эсеп тең болгондуктан командалар дагы 2 кошумча тайм ойнойт. Эгерде анда жеңүүчү аныкталбаса, командалар пенальти сериясына барышат.

00:56. Калыс алгачкы кошумча таймга старт берди. Топту оюнга БАЭ курамасы кошту.

00:58. БАЭ курамасынын оюнчусу Кутман Кадырбеков менен бетме-бет келип, бирок соккусу таамай болбой калды.

01:02. Кайрат Жыргалбек уулу атаандаштын чабуулун токтотуп, топту талаадан чыгарып салды. БАЭ курамасы эми топту бурчтан чыгарат.

01:04. БАЭ курамасынын оюнчусу ачык дарбазага сокку узата албай калды. Топ Кыргыз курамасында.

01:05. 1-кошумча таймдын аягына дагы 5 мүнөт убакыт калды. Азырынча Кыргыз курамасы чабуулга чыга элек.

01:07. Бекжан Сагынбаев оюн эрежесин бузуп, калыс БАЭге пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк берди.

01:08. Кыргыз курамасында алмашуу орун алды. Гол жараткан Мурзаевдин ордуна оюнга Бахтияр Дүйшөбеков чыкты.

01:09. БАЭнин оюнчусу пенальтини жакшы аткарып, Кутман Кадырбеков анын соккусун тосконго үлгүрбөй калды.

01:11. Жыргалбек уулу БАЭнин оюнчусун жыгылтып, оюн эрежесин бузду. БАЭнин оюнчулары айып сокку аткарат.

01:12. Калыс 1-кошумча таймга дагы 1 мүнөт кошту.

01:13. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-кошумча тайм жыйынтыкталды.

01:15. 2-кошумча тайм башталды. Кыргыз курамасы алгачкы мүнөттөн чабуулга чыкты.

01:16. Бахтияр Дүйшөбеков эсеп санын алмаштырууга жакын болду. Анын башы менен узаткан соккусу штангага тийип калды.

01:24. Кыргыз футболчу оюн эрежесин бузуп, БАЭнин оюнчулары айып сокку аткарат.

01:25. БАЭнин оюнчусунун соккусу таамай болгон жок. Бирок топ дагы да БАЭ курамасынын карамагында.

01:27. Оюндун аягына дагы 3 мүнөт убакыт калды. Кыргыз курама командасы бул убакытта эсепти тең кылганга жетишет болду бекен?

01:29. Акыркы мүнөттөрдө БАЭ курамасы чабуулга чыгып, кыргыз футболчулары оюн эрежесин көп бузууда.

01:30. Кошумча убакыт аягына жетип, калыс дагы 2 мүнөт кошуп берди.

01:32. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш соңуна келди. Кыргыз курама командасы бул беттеште 2:3 эсебинде жеңилип калды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(135)
21.01.2019. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сенсация кутом кыргызым алга. Антонду башкы курамга салса болмок бул оюнда соссуз жениш керек. Тренер милдеттерди так жана туура аткарышын каалайм. Жениш жениш жениш.алга ала тоонун буркуттору
21.01.2019. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каяктан коруп атасынар,жазып койгулачы сураныч.
21.01.2019. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur777,уйдон эле
21.01.2019. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Modric10,ктрк спорттонбу?
21.01.2019. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur777,ооба.бол эртерээк даярдан
21.01.2019. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Modric10,Телевизор иштебей интернеттен коруп атам,КТРК спорт катып калып атат,башка сайттын ссылкасын берип койгулачы туугандар! Срочно!!!!
21.01.2019. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бугун БАЭ женсек Австралия менен кез келебиз буйруса алга алга алга шумкарлар
dastan_nookat түзөттү 2019-01-21 22:49:34
21.01.2019. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбек туугандарды Австралия серия пенальтиден кайкайтты 2-4
21.01.2019. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Karasuu27, жээндер чыгыш керек эледа каап.
21.01.2019. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Утушса экен.Жок дегенде ушул жерден суйунолучу,
21.01.2019. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тема кантет тема...?
21.01.2019. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башталды Кыргызстан командасы алга алга алга шумкарлар
21.01.2019. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Oo Kudai,ylaiym utup kalywsa eken bizdin AK WUMKARLAR.Jawoomdo fudbol korchu emes elem,kainenem,kyzym bolup korup jatabyz,Ozumchole tolkundanyp jatam,
21.01.2019. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aiymkunumjyldyzym,куйоончу
21.01.2019. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Modric10,waardan aiylga kele jatat,Men aityp berip koiom,korgondoi bolup kalat
22.01.2019. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aiymkunumjyldyzym,мендагы
21.01.2019. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алгаааааааа...
Буйруса женебиз!
Ак Шумкарлар, биз силер менен сыймыктанабыз!!!
21.01.2019. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер кж, инстадан түз эфирге чыгып корсоткулочу, сураныч, телефизорду эле видеого тартып
21.01.2019. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
1-0
21.01.2019. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эх откоруп алдык гол
21.01.2019. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым колдосун
21.01.2019. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иншаллах Аллахтан сураналы бир туугандар жениш биз тарапта болсун
21.01.2019. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алах колдосун
21.01.2019. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1:1
21.01.2019. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1 :1
21.01.2019. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урааааа 1-1
21.01.2019. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурзаев азамат
21.01.2019. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АЛЛАХЫМ озу колдосун!!!
БАЭ менен ойноо деле чон жетишкендик!!!
Филлипинди уттук,кудай туура корсо буларды деле утаарбыз!!! Ак шумкарлар,алга!!!

Капитан мыкты экен. Гооооооооооооооолллллллллллллллллллллллллллл!!!!!!!!
21.01.2019. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уххх кудайыма шугур. Мирлан эртен менден сага обед ужин
21.01.2019. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Гоооооооооол
21.01.2019. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аа баракелде!!!
21.01.2019. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иххуу гол кудайга шугур
21.01.2019. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
10.1
21.01.2019. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Инстаграммдан киргиле прямой корсотом алыстагылар учун
21.01.2019. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Adep.erk
21.01.2019. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичин. Ван дейк экен
21.01.2019. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Modric10,рамос десен
21.01.2019. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан красафффчик, аккаунтун бергиле подписка болуп коён.
21.01.2019. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайран шумкарларым женгиле
Модератор admin_kinozal түзөттү 2019-01-22 00:16:38
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: