super.kg logo

Депутат Садык Шер-Нияз: "КТРКнын Байкоочу кеңеши корпорациянын директорунун этегине кирип алгандай сезилет"

 

"КТРКнын Байкоочу кеңеши корпорациянын директорунун этегине кирип алгандай сезилет", - деп бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Садык Шер-Нияз билдирди.

Садык Шер-Нияз КТРКнын Байкоочу Кеңеши эң жогорку орган экенин айтты. "Саясий оюндар, шайлоо болуп жатканда КТРК бир жактуу маалымат таратып, бир жактуу иш алып барганы баарыбызга маалым. Байкоочу кеңеш эмне туура, эмне туура эмес болгонун айтыш керек болчу. Бир тараптуу жалган айтылган учурлар болду. Чындап болгон нерсени айтып жатабыз. Биз силерди шайлап берип жаткандан кийин, ак ниет менен иштеп бергиле да", - деди депутат.

Учурда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети "КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтому каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: