super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Казакстандын Үчарал-Достук унаа каттамында катуу шамалдан кар күрткүсү жаралып, жүргүнчүлөр жолдо калды. Арасында кыргыздар бар

 

Казакстандын Аягөз аталышындагы участкасында катуу шамалдан кар күрткүсү пайда болуп, бир нече транспорт жолдон өтө албай калып калды. Мындай маалыматты "ЭЛДИК КАБАРГА" окурман билдирди.

"Биз менен кошо 200гө чукул ар кандай унаалар токтоп турат. Анын ичинде Орусияга каттаган жүргүнчү ташуучу автобустар да бар. Кыргыз өлкөсүнөн бара жаткан дагы 3-4 унаа турат. Бир унаада жаш балалуулар көп экен. Аталган участкада бир эле ашкана бар экен. Бир суткадан бери жол тазаланбай, ашканадагы тамактар түгөнүп, эл ачка болууда", - деп билдирди окурман.

Бул маалыматтан соң окурман жол бир аз ачылып, аталган аймактан чыгып кеткенин, бирок шамал токтобой уланып, кете албай калгандар дагы деле бар экендигин билдирди. Ал эми Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган аймак Алматы облусунун Үчарал-Достук унаа жолу экендигин жана бул аймакта секундасына 20 метрге жеткен шамал болуп жаткандыгына байланыштуу жол жабылгандыгын жарыялады. Казак ӨКМи шамал басылганча жүргүнчүлөргө жолго чыкпай турууну эскертти.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Казакстандын Үчарал-Достук унаа жолунда жүргүнчүлөр жолдо калышты

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
21.01.2019. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым ак жолун берип барчу жеринерге эртереек барып алууну насиб кылсын.
21.01.2019. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эсен аман жетип алгыла кыргыз бир боорлорум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: