super.kg logo

Милиция кызматкеринин катыштыгы менен болгон жол кырсыгында каза болгон аял ӨКМдин кызматкери болгон. Эртең аны жерге берүү зыйнаты өтөт

 

Кырсыктан каза болгон Мээрман Асанканова.Бишкек шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Маалыматты алгач ӨКМнын басма сөз кызматы таратты.

21-январга караган түнү саат 00:35 чамаларда 7-апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz жана Toyota Avensis үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен Toyota Avensis унаасынын жүргүнчүсү М.А. аттуу 33 жаштагы аял каза болгон.

Mercedes-Benz унаасынын 26 жаштагы айдоочусу жана аны менен жаш курагы бир жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алган. Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Видеодо көрүнгөндөй, Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу формачан болгон.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу милиция кызматкери болгонун тастыктады. Өздүк булактардын билдиргенине караганда, милиция кызматкери унаасы менен каршы тилкеге чыга калган. Ал Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБинин кызматкери экенин Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан тастыкташты. Кырсык боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Ооруканада жаткан милиция кызматкеринин спирт ичимдигин ичкени же ичпегени аныкталууда.

Ал эми өздүк булакка таянсак, каза болгон 33 жаштагы аял ӨКМнын кызматкери Мээрман Асанканова болгон. Аталган министрликтин басма сөз кызматына чалганыбызда бул маалыматты тастыктаган да, четке каккан да жок. Белгилүү болгондой, Toyota Avensis унаасынын айдоочусу маркумдун жолдошу болгон. Анын сөөгү 22-январда жерге берилет.


кошулду





Бишкекте милиция кызматкеринин катышуусунда жол кырсыгы катталып, анда ӨКМнын кызматкери каза болду

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
21.01.2019. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаман болуптур жаткан жери жайлуу болсун ажал экен да кылмыш керди камаш керек ким болсо деле
22.01.2019. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жанаттан болсун. 7-апрель кочосунун атын озгортуш керек эмеспи
22.01.2019. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молтурогон,жапжаш боюнча кете бериптир,аттин...
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!
22.01.2019. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менттер мас экен деп журотко
22.01.2019. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менттин мас же соо экенин текшериш ушунча убакытбы? Териштируу жургондой?
22.01.2019. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kalemkash,соодалашып атышат го...(
22.01.2019. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kalemkash, Убакытты бир аз созуп туруп менттер мас эмес, кырсыкка коз жумган адамдын жолдошу,балким озу да куноолу деп чыгышат.Биздин менттерден бардык нерсени кутууго болот.
22.01.2019. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Белгилүү болгондой, аял каза болгон унаанын айдоочусу маркумдун жолдошу болгон."- Ким тушунду ушул жерине?
22.01.2019. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mamatkerim1968, Ушуну мен да түшүнө алган жокмун. Кайра-кайра окудум.
23.01.2019. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mamatkerim1968,Куйоосу айдап бараткан.А жургунчу аялы болгон.
SUPER.KG видео
23.01.2019. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман иш болуптур.Аллахым рахматына алсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: