super.kg logo
  Саясат  

Депутат Тазабек Икрамов: "Күчүнө кирген жаңы кодекстер учурдагы өкмөттүн убагында кабыл алынган эмес. Азыркы өкмөттү "түкүрүк өкмөт" деп атаган туура эмес"

 

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн ишин сынга алды. Ал мурунку премьерлердин тушунда коомчулукта айтылган аттарды белгилеп "азыркы өкмөткө жаңы "түкүрүк өкмөт" деген ат коюлду. Бул атка конушуна өздөрүнүн кадамдары, адамдары себеп болду. Жаңы кодекстерди ишке киргизебиз деп булар жаңы жаңжалдарды ишке киргизип жиберди", - деди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Депутат Момбеков азыркы өкмөт "түкүрүк өкмөт" деген атка конгонун айтты. Сиз азыркы өкмөттү кандай атайт элеңиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жооп берди.

Эл өкүлү жаңы кодекстер мамлекетке керек деген пикирин айтты.

“Негизи азыркы өкмөттү “түкүрүк өкмөт” деп атаган туура эмес. Бул кодексти башка өкмөт кабыл алган. Азыркы өкмөт буга чейин кабыл алынган мыйзамдар боюнча маалымат каражаттарына жарыялап, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн эмес. Ушунун айынан азыркы өкмөткө сын-пикирлер айтылып жатат.
Жарандарыбыз да мурдагыдай көчөдө каалагандай түкүрбөй же таштанды ыргытпай калышты. Адам өз чөнтөгүнөн айып пул төлөгөндө гана коомубуз тазалыкка, тартипке келет экен. Бул мыйзам, кодекстер боюнча элдин чуулдаганынан өкмөт артка кайтпашы керек эле. Бул мамлекетибиз үчүн керек мыйзам”, - дейт Икрамов.

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков, саясий серепчилер Марат Казакбаев, Игорь Шестаков, экономика боюнча эксперт Улукбек Кыдырбаев жана жарандык активист Адил Турдукуловдун жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: