super.kg logo

ӨКМ: Тоолуу аймактардагы унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

 

21-январга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаады. Айрым жерлерде кар 23-январга чейин жаашы күтүлөт. Буга байланыштуу Кыргыз жериндеги тоолуу аймактардагы унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул боюнча бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратты.

"Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолундагы Ийри-Суу тилкесинде, Кара-Коо ашуусунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы кыймылда 500 метр аралык чектелиши зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик тоолуу аймактардагы унаа жолдор аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга аба ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көңүл бурууну эскертет. Мындан сырткары унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу зарылдыгын, жолго чыгарда күрөк, чынжыр, дары-дармек алуу керектигин белгилейт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: